Расул Умбеталиев, эксперт: "ЖЭБ боюнча комиссияда коррупцияга малынган депутаттар бар"

Жакында Бишкек ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыкканы белгилүү болду. Буга байланыштуу "ЖЭБди модернизациялоодо жаралган күмөндүү ишти иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?" деген суроо жаралууда.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев бул суроого төмөнкүдөй жооп берди. Ал ЖЭБдеги авария боюнча түзүлүп, иликтеп жаткан депутаттык комиссия ишти ачык-айкын түрдө аягына чыгарбайт деген ойдо.

"Себеби дегенде депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда келишпестиктер болууда, ойлору ар кыл жана комиссия мүчөлөрүнүн арасында да коррупцияга малынган депутаттар бар. Албетте, алар бардыгы ачык айкын иликтенишине кызыкдар эмес, себеби бардыгы байланышта. Ошондой эле ЖЭБди модернизациялоо ишинде чоң кызматтагы адамдар аралашкан. Ушуга окшогон себептерден улам комиссия эл күткөндөй жыйынтык чыгарып бере албайт.

Бул ЖЭБди модернизациялоо иши 2013-жылы эле башталган, ал убакта премьер Жантөрө Сатыбалдиев болсо, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев болчу. Менин оюм боюнча, келишим кылгандар, ТВЕА компаниясын алып келгендер - ушул адамдар.

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги аварияга тиешеси бар адамдардын бардыгын аттарын атаганга милдетүү, “жогорку кызматтагы адамдардын тиешеси бар” деп эле жыйынтык чыгарып койсо кыянаттык болуп калат”, - деди Умбеталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Төрөбай Зулпукаров, Сайдулла Нышанов жана экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан