Бүгүн, 19-февралда өкмөт Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгын жарыялады. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйынга тийиштүү тармактын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, адистер, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышууда.
Эксперт Лев Васильев жылуулук системин жакшыртуу үчүн тарифтерди жогорулатуунун зарылдыгы бар экенин айтты. ЖЭБди мурда жетектеген Лев Васильев аварияга жумушчулардын кайдыгерлиги, аба ырайынын кескин өзгөрүшү себеп болгонун жашырган жок.
"ЖЭБ көп жыл күчөтүлгөн көлөмдө иштегени менен, ага зарыл болгон оңдоп-түзөө иштери жетиштүү жүргүзүлгөн жок. Жылына 700 миллион сом талап кылынган болсо, эки эсе аз каражат бөлүнчү. Жетиштүү каражаттын каралбаганы аварияга алып келди. Азыр биздеги тарифтер социалдык жактан каралып калган. Бул техникалык маселе, андыктан бул маселеге кайрылуу керек. Акча кайра оңдоп-түзөөгө жумшалышы шарт", - деди Васильев.
Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.