Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Бул тууралуу 3-майда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оторбаев Жээнбековдон Конституциянын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына карата Текебаевге ырайым кылууну суранды.
Акыйкатчы бул ырайым жасоо кадамы президенттин Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-бөлүгүнө ылайык келерин белгилеген.
"Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана анын коопсуздугу бүгүнкү тапта, каалайбызбы же жокпу, мамлекеттик маанидеги олуттуу маселеге айланды. Анын көз жаздым болуп кетишине, ачыгын айталы, айрым агымдар, башка үчүнчү күчтөр да кызыкдар болушу ыктымал. Кол салуу же башка окуялар болуп кетсе анын жоопкерчилиги азыркы бийликтин, анын туу чокусунда турган ажобуз, сиздин абийириӊизде калары жашыруун эмес.
Ошондон улам Өмүрбек Текебаев ал жаткан бөлмөгө видеокамера коюлганына өзү түп насилинде каршы болуп турса да, аргасыздан макул болуп отурат. Ким эле 24 саат бою "түз эфирде" жашагысы келсин?! Бул психологиялык басым, кыйноо. Өмүрбек Текебаев ден соолугуна тынчсызданып, кадимки бийик сапаттагы кызмат көрсөтө турган ооруканалардын биринде дарыланууну суранып келе жатат. Сооронбай Шарипович, Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранам", - деп жазылат акыйкатчынын кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.