Саясатчы Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунун Акман айылындагы тарапташтары менен жолугушту. Ал тилектештик тууралуу сөз кылды.
"Мен 2 жыл 7 ай бир кишилик камерада жалгыз отурдум. Бирок бир күн дагы өзүмдү жалгыз сезген жокмун. Анткени жаратылышта таң кала турган касиеттүү кубулуш бар экен. Эгер адамдар эгиздердей болуп бирдей ой жүгүртсө, бири-бирин колдосо, белгисиз талаалар аркылуу моралдык-эмоционалдык жыштык менен байланышып турат. Сиздердин ишенип, колдоп жатканыңыздарды билип турдум.
Көпчүлүк менден саясий өлбөстүгүңүздүн сыры эмнеде деп сурайт. "Өлбөс кощей" өлгүсү келбей, жаны ийнеде болот деп, кабат-кабат, адам колу жетпеген жерлерге катат экен. Менин саясий өлбөстүгүмдүн сыры жөнөкөй. Ийнени аска-зоонун башына каткан эмесмин. Ал ар бириңиздердин көңүлүңүздөрдө, сиздер мени эстеп, аяп турсаңыздар мен бармын. Ишенбей калган күнү мен жок болом. Муну мен эле эмес, душмандарым да билет", - дейт Текебаев.