Ай-Данэк Текебаева: "Атам менен жолугуп чыктым, позитивдүү маанайда тосуп алды"

Камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева атасы менен жолугуп чыкканын, ал кармалып турган камерага 2 видеокөзөмөл орнотулганын бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтуусуна караганда, атасы аларды позитивдүү маанайда тосуп алган.

"Бүгүн, 2-февралда саат 10:30дар чамасында 47-колонияга барып атам менен жолугуп келдик. Аны менен төрт сааттай чогуу болуп, ал биз менен позитивдүү маанайда сүйлөшүп отурду. Атам отурган камерада чындап эле видеокөзөмөл орнотулуптур, бири сыртта камеранын эшигин карап турса, бири камеранын ичине орнотулган. Видеокөзөмөлдү биз сүйлөшүп бүткөнчө жүз аарчы менен жаап койсок болобу десем ал бул тууралуу сурагандыгын, бирок уруксат эмес экенин айтты", - дейт Ай-Данэк Текебаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bayanis
2018-02-02 17:56:14
Кызы ай данектей сулуу экен
+5
sabyrer82
2018-02-02 18:35:43
Текебаев жок азыр не болуп атышат,талкан жутуп алгандай болуп отурушат...Аман болунуз,чыга турган. Кун келет
+21
asad345
2018-02-02 19:11:30
акыр заман белгиси-акыйкат суйлогон камалат, акылсыз акмактар хан сарай куруп там алат
+20
jbolotov
2018-02-02 19:17:04
Таптаза болсо квнтип камамак эле.
-10
tram-lam
2018-02-03 16:03:58
jbolotov, керек болсо сен дагы таптаза эмессин (баардык куноолорунду коз алдынан откоруп кор). Мен дагы. Текебаевди соттогон сот дагы. Эч ким таптаза эмес.
+1
tram-lam
2018-02-03 16:04:26
jbolotov, бирок мисалы сен сыртта, ал болсо камакта.
0
jbolotov
2018-02-02 19:47:03
Текебаев билгендерин камалаарда айтбай мурда эле Атамбаевдин кылыктарын чукуп тийиштуу иштерин кылса болот элего. Мадумаров айткандай качан шайлоо жакындаганда бир буту бийликте бир буту элге жаккан нерселерди суйлоп калат. Бийлик канчалык коррупциялашкан болсода таптаза иштеген адамды камай албайт, ага факт аргумент керек. Мадумаровго шылтоо табылбай камай албай атышатко. Текебаевда таптаза болсо камай алмак эмес бийлик.
+9
taku1414
2018-02-02 21:06:52
jbolotov, бийлик камагысы келсе жалган жалаа жаап эле камап коёт. Ар кандай гейттерди ойлоп таап.
+3
aza84
2018-02-03 00:07:04
jbolotov,Мадумаров менен кошо надо будет сени дагы камап коет
+3
tokoev87
2018-02-03 00:28:17
Өмүрбек Текебаев мен бул адамды кыргыздын чыныгы патриоту деп тааныйм
+1
ooki8888
2018-02-03 12:22:11
Бар болунуз Омурбек ага. Сиз чындыкты айткадыгыныз учун отурганызды эл билет. Сиздей ата менен кыздарыныз сыймыктанса болот.
+1
Joka.94
2018-02-03 19:33:59
j.bolotov Текебаев башынан эле айтып келген бийликтин кемчиликтерин. Биринчи архивди карап корушун керек. Ошол кылмышын далилдей албай эле камашты го.
0
bakulya2015
2018-02-04 03:40:46
Тообо. Кыргыз элибиздин ичинде да ушундай инсандар бар а ташбоор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан