13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Талант Мамытов жана Жанар Акаев абакта жаткан саясатчылардын абалын көрүп чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге депутат Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, бир канча күндөн бери ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын бири Бектур Асановдун абалы өтө оор.
"Беш депутат болуп алгач ачкачылык кармаган үч саясатчыга жолуктук. Өзгөчө Бектур Асановдун абалы жакшы эмес, абдан арыктап, өңү купкуу. Дарыгерлер да ал кургак ачкачылык кармап, укол менен гана жашап жатканын, кан басымы кескин түшүп кеткенин айтышты. Биз ачкачылыгын токтотууну, анын талаптарын тиешелүү жерлерге жеткирүүнү айттык, бирок ал УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирүү талабынан кайтпай турганын билдирди", - деди Акаев.
Андан кийин депутаттар Өмүрбек Текебаевдин абалынан кабар алышкан. Текебаев аларга түрмө жетекчилиги дарыланып алууга уруксат бербей жатканына нааразы экенин билдирген.
"Өмүрбек Текебаев жүрөгүнүн жана бутунун оорусу түйшөлтүп жатканын айтып, жок дегенде бир жумага болсо да ооруканага чыгып дарылануусуна уруксат берилбей жатканына нааразы болду. Экинчиден, ал жаткан бөлмөдө түнү-күнү иштеген видеобайкоонун орнотулушун ал киши психологиялык кысым деп баалап, аны алып салынышын талап кылууда. Бирок баарынын духу күчтүү экени, мокобогон мүнөздөрү көрүнүп турат", - деди ал.
Айта кетсек, оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.
Ачкачылык кармап жаткан үч саясатчы 2016-жылдын март айында "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кадыров менен Асанов 12 жылга, Карыбеков 20 жылга камалган.
Ал эми 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.