15-январь күнү төрөлгөндөр башка текечер жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар сыяктуу эле ачык-айрым, амбициясы күчтүү, эмгекти сүйгөн, жоопкерчиликтүү болушат. Булар эмгекчил болгондуктан кандай жумуш болсо да иштеп кете алышат. Алар тынч, баары жетиштүү, ыңгайлуу жашоону кыялданып, ага жетүү үчүн талбай эмгектенүү керектигин жакшы билишет. Ошондой эле бул күнү жарыкка келген адамдар чыгармачылыкка, маданий чөйрөгө жакын болушат. Булардан күчтүү артист, ырчы, сүрөтчү, жазуучу, дегеле чыгармачыл адам чыгат. Ошону менен катар алар карьерасын тез эле өнүктүрүп кете алышат.
Ал эми жеке мамиледе романтикага жакын болушат. Сүйүктүүсүнө ишенимдүү мамиле жасап, анын да, өзүнүн да эркиндигин чектөөнү каалабайт. Мындай мүнөзүнөн улам бул күнү төрөлгөн адамдардын көбү ишенимдүү үй-бүлө курушат.