Азия Кубогу-2019: Кыргыз курама командасы тайпалык оюндарда жеңишке жете алабы?
4-майда футбол боюнча Кыргыз курама командасынын 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия Кубогундагы атаандаштары аныкталды. Чүчү кулак аземинин жыйынтыгында Кыргыз курамасы "С" тайпасында жайгашып, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курама командаларына туш келди.
2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин өтө турган Азия Кубогунда 24 команданын арасында 2 курама алгачкы ирет финалдык бөлүктө күч сынашат. Алар Кыргыз жана Филиппин курамалары. Бул эки команда тең бир тайпага туш келип, Азиядагы мыкты командалардын бири менен кездешмекчи.
SUPER.KG порталы Азия Кубогу жана Кыргыз курамасынын атаандаштары тууралуу айтып берет.
Азия Кубогу
Азия континентиндеги футбол боюнча эң ири мелдеш алгач 1956-жылы уюштурулуп, 4 жыл сайын өткөрүлүп келет. 2004-жылга чейин аталган мелдеште 12 өлкөнүн курамалары гана күч сынашып келген. 2004-жылы мелдештин регламенти өзгөрүп, Азия Кубогунун финалдык этабына 16 курама аттанып келсе, 2019-жылдан тартып Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө 24 курама команда катыша турган болду.
2019-жылы Азия биринчилиги 5-январдан тартып 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын 4 шаарындагы 8 стадиондо өткөрүлмөкчү. Анда оюндар Абу-Даби шаарындагы 3 стадиондо, Эль-Айн шаарындагы 3 стадиондо, Дубайдагы 1 стадиондо жана Шаржа шаарындагы 1 стадиондо өтөт.
2019-жылы БАЭде өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алыш үчүн 46 өлкөнүн курама командасы күч сынашкан. Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы мелдештин өткөрүүчүсү болгондуктан дароо эле финалдык бөлүккө өткөн. Ал эми калган курама командалар жолдомо үчүн тандап алуу этаптарынын алкагында оюндарды өткөрүшкөн.
Азия Кубогуна тандап алуу турунун 1-2-этаптары Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этаптары менен бирге өткөн. 1-2-этаптын жыйынтыгында Азия Кубогуна 11 команда аттанса, 3-турдун жыйынтыгында 12 команда жолдомого ээ болгон.
Кыргыз курама командасы
Азия Кубогуна тандап алуу турунун 1-этабында (Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабы менен бирге) чүчү кулактын жыйынтыгында Азиянын 40 курама командасы 8 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "В" тайпасына туш келип, Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамаларына туш келген.
Тандап алуу турунун алкагында Кыргыз курама командасы 4 жеңиш, 2 тең чыгуу жана 2 жолу жеңилүү ызасын тартып, 14 упай менен турнирдик жадыбалда 3-орунду ээлеп калды. Тандап алуу турунун жүрүшүндө Кыргыз футболчулар Бангладеш курамасын (3:1 жана 2:0 эсебинде), Иорданияны (1:0 эсебинде) жана Тажикстанды (1:0 эсебинде) утса, Австралия курамасынан 2 жолу жеңилүү ызасын тартты (1:2 жана 0:5 эсебинде), ошондой эле Кыргыз курамасы Иордания (0:0 эсебинде) жана Тажикстан (2:2 эсебинде) курамалары менен тең эсепте ойноду.
Азия Кубогуна тандап алуу турунун 3-этабында, чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курамасы "А" тайпасына туш келип Индия, Мьянма жана Макао курамаларына туш келди. 3-этап 2017-жылдын 28-мартында старт алган. Жалпы тандап алуу турунда Кыргыз курамасы 4 жолу атаандашынын үстүнөн жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып жана 1 беттеш тең эсепте аяктаган.
Алгачкы беттеште Кыргыз курама командасы Макаону 1:0 эсебинде утуп, 2-турда Индияга 0:1 эсебинде утулган. 3-турдун алкагында Кыргыз курамасы менен Мьянманын беттеши оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген себептер менен жылдырылган. Бул беттеш 2018-жылдын 22-мартында өттү. 4-турдун алкагында Кыргыз курама командасы Мьянма менен конокто ойногон. Беттештин акыркы мүнөтүндө биздин дарбазачы Павел Матяш катачылык кетирип, атаандашына эсепти тең кылганга мүмкүнчүлүк берген. Оюн 2:2 эсебинде аяктап, командалар 1ден упайга ээ болушкан. 5-турда Кыргыз футболчуларыбыз Макао менен конокто ойноду. Бул беттештин жыйынтыгында 4:3 эсеби катталып Кыргыз курамасы жеңишке ээ болду.
2018-жылдын 22-мартында Кыргыз спортчулары Түштүк Кореяда Мьянма менен беттешти. Оюндун жүрүшүндө Кыргыз футболчулары атаандашынын дарбазасына 5 гол киргизип, өз дарбазасына 1 гол гана киргизүүгө жол берди. Жеңишке ээ болгон Кыргыз курамасы тандап алуу этапынын аягына 1 тур калганда Азия Кубогунун финалдык баскычына Кыргыз тарыхында биринчи жолу өттү.
27-мартта Кыргыз курама командасы 6-турдун алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Индия курамасын кабыл алды. Беттештин жыйынтыгында 2:1 эсеби катталып, Кыргыз курама командасы жеңишке жетти.
Түштүк Корея курамасы
Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командасы Азиядагы мыкты командалардын бири болуп саналат. Аталган команда Азия Кубогунда жалпы 13 жолу катышкан. Анда 2 жолу чемпион аталып (1956 жана 1960-жылдары), 4 жолу финалда жеңилүү ызасын тартып күмүш медалга ээ болгон (1972, 1980, 1988, 2015-жылдары). Ошондой эле 4 жолу коло медалдарды (1964, 2000, 2007, 2011-жылдары) тагынган. Андан тышкары, Түштүк Корея курама командасы 9 жолу Дүйнө чемпиондугуна катышып, 2002-жылы 4-орунду ээлеген.
Түштүк Корея:
Дүйнө рейтингинде 61-орунда жайгашкан;
Жетишкендиктер: Азия чемпиону (1956 жана 1960-жылдары), Дүйнө чемпиондугунда 4-орун (2002-жыл).
Башкы машыктыруучу: Син Тхэ Ён;
Башкы машыктыруучунун жетишкендиктери: Азия Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2010-жыл), Түштүк Корея Кубогунун жеңүүчүсү (2011-жыл), жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси.
Кытай курамасы
Кытай курама командасы Азия Кубогунун финалдык этабына жалпы 11 жолу катышкан. 1984 жана 2004-жылдары финалга чейин жеткен. Бирок анда жеңилүү ызасын тартып Кытай футболчулары күмүш медалдарды гана тагынган. 1976-жылы жана 1992-жылы Кытай курамасы коло медалдарга ээ болуп, 1988 жана 2000-жылдары коло медалдар үчүн беттеште жеңилип, 4-орунду ээлеген. Дүйнөлүк биринчиликте Кытай курамасы 1 жолу катышып (2002-жылы), тайпалык баскычтан чыкпай калган. 2016-жылдан бери курама команданы италиялык Марчелло Липпи машыктырып келет. Италиялык адис футболдук карьерасын жыйынтыктаган соң бир нече футболдук клубдарды машыктырган. Липпинин эң чоң жетишкендиги италиялык "Ювентус" клубунун башында болду. Андан тышкары, Марчелло Липпи Италия курама командасын башкарып, 2006-жылы Дүйнө чемпиондугун багындырган.
Кытай:
Дүйнө рейтингинде 73-орунда жайгашкан;
Жетишкендиктер: Азия Кубогунун күмүш медалынын (1984 жана 2004-жылдары) жана коло медалынын (1976 жана 1992-жылдары) ээси.
Башкы машыктыруучу: Марчелло Липпи
Башкы машыктыруучунун жетишкендиктери:
"Ювентус" футболдук клубу менен:
Италиянын чемпиону - 1994/1995, 1996/1997, 1997/1998, 2001/2002, 2002/2003-сезондордо;
Италия Кубогунун жеңүүчүсү - 1994/1995-сезондо
Италия Суперкубогунун жеңүүчүсү - 1995, 1997, 2002, 2003-жылдары;
Чемпиодор Лигасынын жеңүүчүсү - 1995-1996-сезондо
УЕФА Суперкубогунун жеңүүчүсү - 1996-жылы
Италия курама командасы менен:
Дүйнө чемпиону - 2006-жылы.
Филиппин курамасы
Филиппин курама командасы Азия Кубогунда алгачкы ирет катышууда. Филиппин курамасы дүйнө рейтингинде 113-орунда жайгашып, азыркы тапта башкы машыктыруучуну жарыялай элек.
Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия Кубогунда Кыргыз курама командасынын беттештеринин тизмеси:
1-тур, 7-январь 2019-жыл:
Кытай - Кыргыз Республикасы;
2-тур, 11-январь 2019-жыл:
Кыргыз Республикасы - Түштүк Корея;
3-тур, 15-январь 2019-жыл:
Кыргыз Республикасы - Филиппин.