Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештеги ЖЭБге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Анда депутаттар Осмонбек Артыкбаев менен Исхак Масалиев кайым айтышты.
"50 миллион долларды бирөө жөн эле белекке бербейт. Кытай тарап кандай киреше табышы мүмкүн? 5 миллион доллар жаңы химиялык цехке берип жатат. 20 миллион 3 миң доллар грант, дагы 20 миллион доллар кепилдик үчүн каралган. Мени көбүрөөк грант үчүн берилген каражат кызыктырат. Бул акчага алар өз продукциясын алып келишти беле? Өкмөт бул төгүм үчүн аз сумма деп айткан. Жеке коммерциялык компания 20 миллион доллар белек кылып бере алабы? Бул эл аралык уюм эмес, күмөн жаралып жатат", - деди Масалиев.
Ошол учурда Энергетика министрлигин жетектеген Осмонбек Артыкбаев бул долбоордун маанисине токтолду.
"Бул долбоор өлкө жана элдин өмүрү үчүн маанилүү болчу. Сиз ушул жерден да бир нерсе тапкыңыз келип жатабы? "ТВЕА" 19 миллион долларды кепилдик үчүн кармап турат. Бул нормалдуу эле көрүнүш. 5 миллион долларды химиялык цех куруу үчүн бөлдү. Бул 386 миллион доллардын бөлүгү", - деди Артыкбаев.
Масалиев Артыкбаевди айтылган сындарга терикпөөгө чакырды.
"Эгер сизге сын сөз жакпаса мен унчукпай отурушум керекпи? Чыдап туруңуз мен оюмду жыйынтыктап алайын. Сиздер англис тилиндеги документке кол койгонсуздар. Сиздердин араңыздарда англис тилин мыкты билген бирөө барбы? Орус тилине да жакшылап которо алышкан эмес. Мен өз оюмду билдирип жатып катуу айтышым мүмкүн. Ошол насыяны силер менен кошо биз да төлөйбүз", - деди Масалиев.