Кытайдан алынган 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаңылоодо пайда болгон күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия 8-майда корутундуну кабыл алган.
Бул документте ЖЭБди жаңылоого тиешелүү жетекчилердин аты-жөнү, ишти кимдер баштаган, ким уруксат берген, сүйлөшүүнү ким жүргүзгөнү, документтерге ким кол койгону камтылган. Корутундуда аты аталган 30га жакын адамдын ишине укуктук баа берүү сунушталат. Алар:
- Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев,
- Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев,
- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков,
- “Улуттук энергетикалык холдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев,
- Мурдагы экономика министри Темир Сариев,
- Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев,
- Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Турсунтай Салимов, Гүлнара Жамгырчиева,
- Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев,
- Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова,
- Каржы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков,
- Мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов,
- Экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов,
- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев,
- Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков,
- Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Турдубек Мамбетов,
- “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчылары Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев,
- Бишкек ЖЭБинин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу,
- Бишкек ЖЭБинин учурдагы директору Андрей Воропаев,
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов,
- Экотехинспекциянын инспектору Шараф Ачилдиев,
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаментинин экс-директору М.Акматалиев,
- ӨКМнын Өрткө каршы агенттигинин Д.Абдираев.
Кечээ комиссиянын курамындагы үч депутат иш сапарда болгондуктан кол коюшкан жок. Алар келгенден кийин таанышып чыгып кол коюшмакчы. Эртең, 10-майда депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жыйынында айтылат.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамы:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Улан Примов (комиссиянын төрагасы);
"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.