ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар насыя боюнча түрдүү күтүүсүз маалыматтар чыгууда. Видеокамера жана башка жабдууларга көрсөтүлгөн бааларга коомчулук таң калып, талкуулап бүтө элек. Тиешелүү аткаминерлер көрсөтүлгөн баалардын баарын эки тараптуу келишимге байлап жатат.
Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов маселелелерди чечүүгө зарыл болгон учурда мамлекет насыя алууга мажбур болгонун айтып, анын натыйжалуулугуна аткаминерлер жооптуу болушу керек деген пикирде.
"Негизи ЖЭБди жаңылоо зарылдыгы бар болчу. Бирок аткаруу жагынан биздин аткаминерлерибиз "Электр станциялары", "Улуттук энергохолдинг" ишканаларынын жетекчилери келишим менен соодалашып, кеткен чыгымдарды үнөмдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп долбоорду арзандатышы керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон эмес. Азыр ЖЭБдин жана "Электр станцияларынын" жетекчилеринин айткан жообу "келишимдин негизинде эч нерсе жасай албайбыз" дейт. Келишимге кол коюлуп жатканда бул маселеге көңүл бурулушу керек болчу. Ошол эле келишимде курулуш бүткөндөн кийин техникалык көзөмөл жүргүзүүнү Кыргыз тарап жасашы керек болчу. Азыркы учурда ТВЕА өзү салып, кайра эле техникалык көзөмөлүн өзү жүргүзүп жатат. Бул эл аралык тажрыйбага туура келбейт.
Мен өлкөгө келип жаткан насыянын баары эле ЖЭБдегидей жумшалат дегенден алысмын. Насыяны жакшы иштетип жаткандар деле бар. Көбүнчөсү шалаакы мамиле жасагандар болуп калып жатат. Муну биз түшүнө билишибиз керек, жетекчилер бүгүн бар, эртең жок. Министрлер бүгүн иштеп, эртең анын ордуна башка бирөө келет. Ал эми насыялар мамлекеттин мойнуна илинип, биз төлөйбүз, бизден кийинки муун төлөйт. Эртеңки күнү насыялар канчалык натыйжалуу колдонулганы боюнча маселелер жаралышы мүмкүн", - деди Жамангулов.
Депутат Дастан Бекешев насыя алганга чейин тийиштүү тармактагы жооптуу адамдар, дыкат иликтеп чыгып, анын натыйжасына көңүл бурушу зарылдыгын айтты.
"Насыя алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда башында көңүл бурулушу керек. Ал эми насыя алынып, жумшалгандан кийин бүт маалыматтар берилиши керек. Экинчи маселе баалар боюнча. ЖЭБдеги көрсөтүлгөн баалар боюнча бүгүн биз эч нерсе жасай албайбыз, ал насыя алынып, жумшалып бүткөн", - деди Бекешев.