ЖЭБ чыры: Улан Примов ишине саясий баа берүү керек болгондордун арасында мурдагы президенттин бар экенин так айткан жок

Бишкек ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылды. Комиссиянын төрагасы Улан Примов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ЖЭБ боюнча ишине саясий баа берүү керек болгондордун арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бар экенин так айткан жок. "Конкреттүү түрдө айта албайм", - деп жооп берди.

Бирок ал тизмеде ошол учурдагы өкмөт башчы жана тийиштүү болгон бир канча адам киргизилгенин белгиледи. "Комиссиянын курамындагы эки-үч депутаттын сунуштарын киргизип, корутундуга кол койдук. Үч депутат иш сапарда болгондуктан кол коюшкан жок. Алар келгенден кийин таанышып чыгып кол коюшат. Ушул жума комиссиянын корутундусу парламенттик жалпы жыйында айтылат. Негизинен түпкү маңызы өзгөргөн жок. Анда жаңылоого тиешелүү жетекчилердин аты-жөнү, кимдер баштаган, ким уруксат берген, сүйлөшүүнү ким жүргүзгөнү, ким кол койгону камтылган. Алардын арасында ошол учурдагы өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрү кирген", - деп белгиледи Примов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан