"Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча тандалган компаниянын мыйзамдуу экени тууралуу ошол кездеги юстиция министри катары кол койгондугум мыйзамдын талабы, менин жеке оюм эмес", - деп SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
"Интернетте тарап жаткан документтеги жагдайлар мыйзамдын талабы, мыйзамда ушундай көрсөтүлгөн, менин жеке оюм эмес. Чоң энергетикалык объектилерге инвестиция тендерсиз өкмөттүн чечими менен келет, мисалы, Камбар-Ата, Нарын каскадын айтсак болот.
Сөз башка жакта. Ошол келген инвестицияны сарамжалдуу пайдаланыш керек болчу. ЖЭБ боюнча келген акчага жаңысын салса болмок, "энергетиктер мафиясы" каражаттын үчтөн бирин жеп алышкан. Тергөөчүлөр ал акчаны кимдер жеп алганын аныкташ керек, эл ошону күтүп жатат. Ал эми тарап жаткан каттан туура эмес маалымат издегендер чала сабат же эптеп сөздү бурмалагысы келгендер", - деди Шыкмаматов.
Айта кетсек, интернетте "Бишкек ЖЭБдеги модернизация жүргүзүүчү компания мыйзамдуу тандалган" деп ошол кездеги юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кол коюп берген, ЖЭБдеги аварияга Шыкмаматовдун тиешеси бар" деген маалымат тараган.