Бишкек жылуулук борборундагы абал жолго коюлуп, жылуулук берилгени менен ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллардын тегерегиндеги талкуулар токтой элек. Жаңыланган ЖЭБдин тегерегинде көп суроолор бүгүн да жоопсуз калууда. V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш Кытайдан алынган насыяны 2013-жылы ратификациялаган. Бул келишимге ошол кездеги депутат Улукбек Кочкоров каршы добуш бергендердин бири болгон. Кочкоров эмне үчүн бул чуулгандуу келишимге башынан эле каршы болгонунун себептерин SUPER.KG`ге айтып берди.
"Каршы болгонубуздун бирден бир себеби ЖЭБди жаңылоо боюнча техникалык экономикалык негиздеме жок болчу. Аны эч ким эсептеп чыкпаса, техникалык экономикалык эсеби, долбоору болбосо эмне үчүн 386 миллион доллар деп суроо койгонбуз. Биринчи ката, биз канча кетишин билбей туруп эле 386 миллионду алып баштаганбыз. Экинчи ката, өкмөт башынан эле "ТВЕА" компаниясына тендери жок берүүнү көздөп, ошонун артынан аракет кылып келген. Кытай тараптын шарты боюнча алар бизге насыяны берет, биз долбоорду Кытайдын ишканалары менен гана ишке ашырышыбыз керек. Кытайда 11 ири мамлекеттик энергетикалык корпорациялар болгон, алардын арасынан мыктысын тандабай, биздин өкмөт "ТВЕАга" жабышып алган. "ТВЕА" биздин билишибиз боюнча энергетикага керектелүүчү кабель чыгарган компания болчу.
Башынан эле Кытайдагы ЖЭБдерди куруп келген дагы бир компаниясы "тендер болсо катышабыз" деп ниетин билдирип келген. Алар өкмөткө, Жогорку Кеңешке, президентке кайрылып, тендер өтө турган болсо 30 миллион долларга арзан жасап бере турганын билдирген. Ал компания атомдук, жылуулук энергетикалык борборлорун куруп жүргөн тажрыйбалуу болчу. Бирок өкмөт ага карабай "ТВЕАга" берип койду. Ошондуктан биз каршы добуш бергенбиз", - деди Кочкоров.
Улукбек Кочкоров ошол кезде өкмөт 386 миллион долларга ЖЭБдин үчтөн бири эле куруларын эске албаганын айтты. Ал ЖЭБдин тегерегинде ири коррупциялык иштер болгон деген пикирде.
"Ал учурда 386 миллион долларга 30 пайызы гана курулат деп айтылган эмес. Толук оңдолуп, жаңы ЖЭБ болот деп ойлогонбуз. Ошондо бүтпөй жаткан экинчи ЖЭБ бар ошону эле куруп бүтүрбөйлүбү деген сунуштар болгон. Ал эми ЖЭБдин 30 пайызы эле жаңыланганын кечээ мен авария болгондон кийин билип жатам. Бул жерде өтө чоң коррупциялык иш болгон. Бул мамлекетке чыккынчылык, диверсия болгон. Эң өкүнүчтүүсү бүгүн да жаап жашырып, ошону убагында жаңылабаганда быйыл кыштан чыкпай тоңуп калмакпыз деп айтып жатышкандары туура эмес", - деди Кочкоров.