Сапар Исаков: "Саясий куугунтук болуп жатат"

14-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКдагы суракка келди. Аталган мекеменин имаратына кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын пикиринде, саясий куугунтук болуп жатат. "Алмазбек Шаршенович (Атамбаев - ред.) менен иштеген команда абдан таза иштеген, коррупция жок. Ошол команданын ичинде азыркы президент Жээнбеков да болгон. Ошондуктан ал киши деле өзү билет: Алмазбек Шаршенович түз жүргөн, коррупцияга малынбаган, коррупция менен күрөштү биринчи баштаган.

Тергөө иштери саясат жок жүрүш керек деп ойлойм. Парламентте депутаттар өз иши, тергөөчүлөр өз иши менен алек болуш керек. Жалган жалаа менен күнөөлөгөн туура эмес. Ким күнөөлүү экенин сот чечет. Депутаттар акыйкат болсо, ЖЭБ боюнча кээ бир аттарды жашырбай баарын айтыш керек", - деди Исаков.

Мындан тышкары мурдагы премьер-министр ЖЭБди жаңылоого кеткен каражат боюнча эл аралык аудит жасоо керектигин айтты. "Кырсык жаңы оңдолгон тарабында эмес, эски бөлүгүндө болгон. Бир мегаватт электр энергиясы жана жылуулук иштеп чыгууга жабдуу орнотуу үчүн каражат кетет. Ошондон башташ керек. Болбой эле кычкач, тияк-биякка жабышкан болбойт. Баарына эл тараза", - деп кошумчалады Исаков.

Буга чейин анын мурдагы кеңешчиси Гүлнара Төралиева Исаков эмне боюнча суракка чакырылганын жазган. "Сапар Исаков жана Нурсулуу Ахметова 2013-жылы Атамбаевдин дарегине жазган кызматтык пайдалануу үчүн кат интернетке тарап кеткен. Катта алар бөлүм башчылары катары түз жетекчисине кайрылып, эксперттерге таянуу менен ЖЭБ жаңылоого муктаж экенин билдиришкен. Ушул кат үчүн эмнеге суракка улам чакырып жатышканын түшүнбөй жатам. Бийлик алмашып жатат, коркутуу аракетине окшош сурак алмашпай турат", - деп жазган Төралиева.

Эске салсак, 26-апрелде Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп Исаков журналисттерге билдирген.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Сапар Исаков: "Саясий куугунтук болуп жатат"

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан