Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө мөөнөтү 2019-жылдын 13-февралына чейин узартылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 2019-жылдын 13-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы SUPER.KG'ге тастыктады.

"Исаковдун тергөө мөөнөтү 13-февралга чейин узартылды", - деди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду 5-январга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган болчу.

Ага чейин райондук соттун бул чечимине каршы болгон тарап шаардык сотко арыз жазган.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bazake
2018-12-30 12:43:45
Сапар Исаков уурдаган акчаларын офшорго которуп салган. 371 млн. доллары чет мамлекеттердеги банктык эсептерде сакталап турат
+1
Tolkun555
2018-12-30 13:54:03
Тезирээк алган акчасын мамлекетке откоруп бошотуп койгула да кайра кайра узарта бербей.кытайдан алган карызды бергиле да .
+1
AksyKum
2018-12-30 15:26:19
Жегенде таттуу болот кусканда ачуу болот
0
Kalemkash
2018-12-30 19:25:11
Супер кждегилер Кыргызстанды башкарсак сонун онукчудой
0
bakulya2015
2018-12-31 14:09:42
Мен ушу сурак кылгандарга тан каламда негизи норм сурасан 1кундо эле баары бутот. Просто узартыша берет узарткан сайын акчасы томондойтта. Боло турган ишти бат-баттан болдуруу керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан