Бүгүн, 14-январда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартууга каршы болбогонун билдирди. "Мен Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартууга каршы болгон жокмун. Себеби 50 томго жеткен кылмыш иши менен таанышып чыгыш керек. Тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандан кийин аны камакта кармоого негиз жок болгондуктан Исаковду бошотууну сурандым. Бирок шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды", - дейт Токтакунов.
Ошону менен катар эле жактоочу соттук отурум жабык түрдө өткөнүн билдирди.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.