Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Сапар Исаковдун "саясий куугунтук болуп жатат" дегени негизсиз жана күлкүлүү"

Даниел КадырбековМурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-майда дагы бир жолу ЖЭБ чыры боюнча УКМКда сурак берди. УКМКга кирип баратып Исаков журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат деп айтты.

Исаковдун өзүнүн айланасында болуп жаткан иштерди "саясий куугунтук" деп атаганы боюнча саясат таануучу Даниел Кадырбеков SUPER.KG порталына пикирин билдирди.

Кадырбековдун айтымында, "саясий куугунтук" акыркы 6 жылда, тагыраагы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда күчөгөн. "Сапар Исаковдун "саясий куугунтук" дегени аябай түшүнүксүз. Себеби парламентти карай турган болсок, башкаруучу коалиция КСДПдан, өкмөттүн мүчөлөрү да КСДП партиясынан турат. Башка органдардын башында да КСДП партиясынын монополиясы бар экени баарыбызга маалым. Президентибиз деле ошол партиядан сунушталып келген. Ошондуктан Исаковдун "саясий куугунтук" деп айтканы түшүнүксүз жана негизсиз деп ойлойм.

Акыркы 3-4 жылдын ичинде канча деген куугунтук иштер болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда ЖМК өкүлдөрүн сотко берип, мүлктөрдү камакка алууга чейин барды. Ал учурда Исаков унчукпай отурган. Өзү да бир нече жолу: "Бизде демократия түзүлгөн. Сот менен башкы прокуратура өз ишин аткарат. Биз чыныгы мамлекетти курдук", - деп айткан. Эми эле "саясий куугунтук" дегени, албетте, күлкүлүү нерсе. Муну антип атаганга болбойт. Себеби азыр бийликти КСДПнын төрагасынын орун басары болуп отурган Сапар Исаковдун достору ээлеп турат. Алар өлкө тагдырын чечет. Эгер Исаков ошолорду куугунтук кылып жатат деп айтса, анда эмне үчүн 6 жыл ошолор менен бирге болуп, премьер катары иштеди. Эми аны иштен алып салып, коррупция боюнча суракка алына баштаганда "куугунтук" деп атаганы кесипкөйлүктүн белгиси эмес", - деген пикирин айтты Кадырбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан