УКМК Сапар Исаков кайсы маселе боюнча суракка чакырылганын айтты

Бүгүн, 26-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКга чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары чакырылган.

Айта кетсек, Исаков УКМКга күбө катары чакырылганын билдирип, чакыруу кагазынын сүрөтүн интернеттеги баракчасына жарыялаган, бирок эмне маселе боюнча чакырылганын ачыктаган эмес.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын тизмеси.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kyrgyz.kg83
2018-04-26 13:22:58
Канча доля алганын тастыктатканы чакырдыда.чоон казанга сапардын да колу түшкөн
+12
Ernic
2018-04-26 14:49:36
Сапар Исаковду президент болот дегендер кайда?))

Сооронбай Жээнбеков президенттикти Сапарга таштап кетет деген ХХХХХХХХХХХХ куйгузотта.))

Шайлоодо Сооронбайды Сапар үчүн шайладык дегендерчи.)))
+5
bela77
2018-04-26 16:18:36
Ernic,VIP-коррупционер Сокенин досу Раим миллионду да чакырсын УКМКга анда досум,коррупция менен күрөшкөнүнө ишенип калалы жаман көргөндөрүнө эле кылмыш ача бербей. Ошолбу калыстыгы?!!!!
+3
Ermekbai
2018-04-26 13:24:03
Жегендер кайтарып берсин эми....
+9
Dembele84
2018-04-26 13:26:18
Кечээ депутаттык комиссия айтып атты эле:Бул ЖЭБ боюнча камалгандар кичине курсактар,эртен чон курсактардын атын атайбыз деп.Премьер,вице премьер,минстрлерге кезек келип жетти окшойт.Куноосу болсо эч ойлонбой камагыла качып кете электе!
+16
nazarKGZ
2018-04-26 13:30:07
Ашаныда чакыргыла
+22
bekov01
2018-04-26 13:32:00
А баса 3 тонна алтынды дагы сурап койгула
+16
din_tomas
2018-04-26 13:35:49
Артыкбаевди да чакыргыла, ошол энергетика министри болуп турганда кол коюлган
+12
Ermekbai
2018-04-26 13:38:42
Ким жегенин баарын билебизго. Жеп жатканда карап тургандай.
+7
i1urp
2018-04-26 14:12:39
Сапарчик будущий президент.
-17
expert.007
2018-04-26 14:12:41
386 милоион доллар дейби
0
stimyl.kg
2018-04-26 14:17:17
Сапар Исаков саясий аренадан сүрүлгөнү калды таптакыр. Ага карата ар тараптан басым болуп,өзү айткандай"политический труп" саясий өлүк болуп калды окшойт. Атамбаевдин туура эмес кадр тандоосунун арты мына ушинтип урап барат,менимче алдыдагы алыс эмес убактарда Атамбаев да кылган кылыктары саясий каталары үчүн жооп берип калат окшойт.
+6
gordaya
2018-04-26 15:56:17
stimyl.kg, туура эле тандаган кадрларды, Жээнбеков сонун президент, ак иштейт деп ишенем
+1
gordaya
2018-04-26 15:15:21
Сапар мн Жээнбеков жакшы команда болот деп ойлодум эле, Сапар сени ак деп ишенебиз, негизгиси сынбасаныз болду, президентибиз саясый тирештен улам жон эле камабастыр деп ойлойбуз, ак ийилет бирок сынбайт,
-6
fora
2018-04-26 17:20:00
Аа Сапар бир физрука болуша койомдеп Эми озуно болушаар адам жок калдын
+2
reach
2018-04-26 17:52:08
КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети деп мыйзамда да, орфографиялык сөздүктө да бар, урматтуу журналисттер! Укмк эмес, МУКК тилдик мыйзам боюнча да ушундай
+1
alikgz
2018-04-26 23:07:52
Ашага кезек келип калды окшойт,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан