Шаардык сот Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктады.

Буга чейин Сапар Исаковдун жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Бүгүн соттук отурумдун жүрүшүндө Исаковду жубайы менен көрүштүрүүгө уруксат берилген жок.

Ал эми соттун жүрүшүндө Исаков кайрылуу жасап буларга токтолду.

"Мен өз өлкөмдөн эч жакка качпайм. Мындай пикиримди камакка алынардан мурда деле айтып келгем. Мага май айында өлкөдөн чыкпоо чечими чыкты, андан соң бат эле камакка алындым. Мен ошондо эле бул жерде саясий оюндар башталганын сезгем", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bekmirzach
2018-10-18 12:39:47
Сапар Исаковго кандай долбоор ишенип берилбесин баарында тең корупция илээшип турганын көрүүгө болот.эгар чын эле өзүнүн корупцияга тийиштиги жок болсо тийиштиги барларды ачык айтсын. Кылмышты жашырганда кылмышкер.
0
Asyl10
2018-10-18 13:07:43
Сапар Исаковду саясатта жургон карт борулор "подстава" кылып "козёл отпущения" эле кылып салышты. Сапар Исаков бийликте коп деле олтурган жок, озунун жаны,жаш командасы менен таза иштеп баштаганда, иштебей,"коррупцияга" баткан карт саястачыларга жакпай калды. Бишкек ЖЭБге болунон каражатты башкалар жеп, Сапар Исаковго илип коюшту. Исаковдун командасы аз уубакыт иштеп,жегенге деле улгурбой калышты. Ошондуктан Исаков куноосуз эле отурат деп ойлойм. Эмнеге жубайы мен
0
uli1234
2018-10-18 13:17:47
Asyl10, жубайымын дейби
-1
zhaku2017
2018-10-18 14:02:39
Жээнбековдун саясаты копко узабай калды го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан