Сапар Исаков 3 сааттан бери сурактан чыга элек

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 3 сааттан бери Улуттук коопсуздук комитетинин сурагынан чыга элек. Бүгүн, 14-майда ал саат 10:00 чамасында суракка кирген. УКМКнын имаратына кирип баратып саясий куугунтук болуп жатат деп журналисттерге айткан.

Эске салсак, 26-апрелде Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп Исаков журналисттерге билдирген.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан