Кожобек Рыспаев: "ЖЭБдеги бааларды айтып чыкканымда Сапар Исаков мени чакырып, "бул маселени көтөрбөӊүз, президенттин ачуусу келип жатат" деди"

Парламент Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын талкуулап жатат. Жыйынга мурдагы өкмөт башчылары Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана тийиштүү мекеме жетекчилери катышууда.

Депутат Кожобек Рыспаев ЖЭБди жаӊылоодогу күмөндүү иштерди биринчилерден болуп айтып чыкканын, бирок өкмөттөн эскертүүлөр болгонун айтты.

"Жаӊыланган ЖЭБ колдонууга берилгенден кийин тармактык комитет ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөн. Шектүү жагдайларды көтөрүп чыкканда, ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков мени чакырды. Ал мага "бул маселени көтөрбөӊүз, баарын тактап туруп анан көтөрүп чыгыӊыз. Кыргыз-Кытай достугу бузулат" деген. Бул маселени кийин фракция жыйынында да көтөрдүм. Анткени "Электр станциялары" баалар боюнча маалыматтарды бербей койду. Сапар Исаков мени кайра чакырып, "бул маселени тастыктап анан көтөрүӊүз дедим эле го, президенттин ачуусу келип жатат" деди. ЖЭБдеги авариянын алдында президентке кирип чыктым. Президент ЖЭБ жаӊылоого муктаж болгонун айтып, бирок ТВЕАнын ишин текшерсеӊер болот" деген", - деди Рыспаев.

Жыйынга катышып жаткан Сапар Исаков депутат Рыспаев менен жогорудагыдай сүйлөшүү чын эле болгонун, бирок "Алмазбек Атамбаевдин ачуусу келип жатат" деп айтпаганын билдирип, депутатты сөздү бурмалабай сүйлөөгө чакырды.

Мындан кийин Кожобек Рыспаев "мен жалган айткан адам эмесмин, ошентип айткансыз. Куранды кармап талаша аласызбы?" - деди.

Сапар Исаков да жалган сүйлөбөй турганын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан