Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Ал Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери териштирилип, тергөө жыйынтыгында бир топ жаӊы жагдайлар ачыкка чыкканын белгиледи. "Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш иштери козголуп, азыр сотто каралып жатат. Андан тышкары Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 миллион доллар насыя каражатынын жумшалышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бир топ кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, азыр ал сотко өткөрүлдү. ТВЕА компаниясына техникалык жабдууларды кыйла кымбат баада сатып алууга шарт түзүлгөн. Ушундай калпыстыктардын натыйжасында мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилген", - дейт ал.