Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча токтом долбоорун кабыл алды (17-май, 2018-жыл)

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

9:45. Парламент ЖЭБ чуусун кароону баштады.

9:50. Депутат Азизбек Турсунбаев "ЖЭБге алынган насыядан жегендерди кустуруш керек" деди.

9:55. Депутат Курманкул Зулушев тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовдун кечээ берген интервьюсунда толук маалыматтар айтылыптыр деп, андан кайрадан маалымат суроону сунуштады.

Бешимов борбордук трибунага чыгып жооп берди. "Мен 25 жыл дипломатиялык багытта иштедим. ТВЕА боюнча мен ошол эле позициямдамын. Мен азыр да туура эмес болгон деп кол коюп бере алам. 2 кат кеткен. 1-кат министрге, 2-кат энергетика министрлигине жөнөтүлөт. Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кандай кол койгон мен билбейм", - деди Бешимов.

10:00. Депутат Рыскелди Момбеков: "ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу компенсация алам деп сотко бериптир. 1 миллион элди тоңдуруп коюп, эми айлык сурап жатат. Жумуштан кеткендерди улуу трибунага чыгара беребизби?" - деп ачууланды.

Спикер Дастан Жумабеков аны эмоцияга алдырбоого чакырды. "Эч ким парламенттеги борбордук трибунага жыргаганынан чыгып жаткан жок. Бул жерде Кыргыз өлкөсүнүн тагдыры чечилип жатат. Эмоцияга алдырбаңыз", - деди Жумабеков.

10:10. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков ТИМге тийиштүү документтерди да тергөө учурунда эске алууну сунуштады. "Тергөө жүрүп жатканда расмий нота, канцеляриянын каты маанилүү роль ойнойт. Ошону да тергөөдө карап чыгууну сунуштайт элем", - деди Исаков.

10:35. Депутат Зиядин Жамалдинов Кытайдан алынган насыяларга курулган башка ири долбоорлорду да иликтеп чыгуу керектигин айтты. "Мен 2 жыл мурун насыя албоо керектигин айтканымда Алмазбек Атамбаев мени эл душманы деп айтып чыккан. ЖЭБдеги көрүнүш эки жыл мурун туура айтканымды далилдеп жатат. Эми ким эл душманы: ууруларбы же менби?"- деди Жамалдинов.

11:00. 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.

11:15. Танапис аяктады. Депутаттардын көбү жыйынга кирбей, талкууну баштоо үчүн кворум жок болууда. Учурда 57 эл өкүлү каттоодон өттү.

11:26. Кворум чогулуп, жыйын уланууда.

11:40. Депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында ТВЕА менен СМЕС боюнча катуу талаш жаралганын айтып, СМЕС эмне үчүн тандалбай калганын сурады.

Тийиштүү чиновник ЖЭБди модернизациялоону ишке ашырууга арыз берген 4 компания 2012-жылга чейин эле иштеп келгенин, бирок бир да компания май айына чейин өздөрүнүн баасын сунуштай электигин айтты.

Бул суроого депутат Осмонбек Артыкбаев толуктоо иретинде жооп берди. "2012-жылы 21-ноябрдан тарта "Электр станциялары" менен СМЕС компаниясы иштеше баштаган. Кийин алар каржылык сунуш беришкен эмес. СМЕС кытай компаниясы болуп эсептелет. Бирок Кытай тарап ТВЕАны мамлекеттин атынан бекиттик дешти", - деди Артыкбаев.

12:00. Депутат Айсулуу Мамашова Кытайдан алынган ири карызды иштетүүгө ким уруксат бергенине кызыкты. "386 миллион доллар мамлекетке келип түшкөнбү? Биз карыз алганбыз, бирок шаймандардын баарын ТВЕА сатып алган. Ким буга макулдук берди? Бул менен ким алектениши керек эле?" - деди Мамашова.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мындай чечимди "Электр станциялары" кабыл алганын айтты.

12:05. Депутат Айсулуу Мамашова: "ЖЭБ боюнча макулдашуу боюнча негизи ким алектениши керек эле? Кытайдын өкүлдөрү менен жолугууга ким жооптуу болчу?" - деп сурады.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов долбоордун баасын талкуулоо сыяктуу иштерге ТИМдин тиешеси жок болгонун айтты.

Мамашова "Кытайдын өкүлү менен жолугууга укугу болгонбу" деген суроо берди.

Мудрагы премьер-министр Сапар Исаков: "Биз Кытай лидеринин иш сапарына даярданып жатканбыз. Биз бул долбоор боюнча маалыматка ээ болушубуз керек эле. Кытай өкүлдөрү менен жолугууга менин укугум бар эле. Мен канча жолу жолукканымды териштирип көрүшсүн", - деп жооп берди.

12:10. Депутат Садык Шер-Нияз тийиштүү адамдар, мурунку премьерлер жыйынга толук чакырылбаганына нааразы болду.

13:00. Депутаттар бир сааттык танаписке тарашты.

14:00. Танапис аяктады. Депутаттар араң кворум чогултушту.

14:20. Депутат Нурбек Алимбеков кытайлык ТВЕА бир да жолу жылуулук электр борборун курбаганын айтты. "Биз, 10 депутат, Кытайга барып бул компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып келгенбиз. СМЕС Кытайдын №1-компаниясы экенин айтышкан. Эмне үчүн ушул компанияны Бишкек ЖЭБин курууга катыштырбайсыңар деп маселе койгонбуз. Белгисиз күчтөрдүн басымы менен ТВЕА келишимге жазылып кеткен, биз чыркырыган бойдон калганбыз.

Кийин өкмөт ТВЕА менен келишимди алып келген, биз "электр энергиясы көбөйөт" деп жакшы максатта колдоп бергенбиз. Бирок аягы жаман болду. Ушул ишти аягына чейин чыгарыш керек. Тергөөчүлөр депутаттардын айткандарын пайдалансын. ЖЭБ окуясы чиновниктерге сабак болуш керек", - деди Алимбеков.

14:40. Депутат Дастан Бекешев президент коррупция боюнча ачкан атайын эсепти ЖЭБден толтуруп баштоону сунуштады. "Талкуу болду. Калганын укук коргоо органдарына өткөрүп бербейлиби? Коррупционерлер отурат. Президент кечээ атайын эсеп ачты. Келгиле, ошону толтурууну ЖЭБден баштайлы", - деди Бекешев.

14:45. Депутат Дастан Бекешевдин сунушу менен парламентте ЖЭБге байланыштуу суроо-жооп токтотулуп, 2 депутаттын суроосунан кийин талкууга өтмөкчү.

15:00. Жыйында депутат Талант Мамытов мурдагы премьер Сапар Исаковго суроо узатты. "Сиз күз-кыш мезгилине даярбыз деп отчёт бергенсиз. ЖЭБде авария болгондо элден кечирим сурагансыз. Бул жакшы кадам. Сиз эмне үчүн эл аралык аудит жалдаш керек деп жатасыз?"
Сапар Исаков: "Мен отчёт берген эмесмин. Мен келгенде ЖЭБ боюнча негизги жумуштар өткөрүлгөн. Мен ишке киришкенде, майда иштер болуп жаткан. Мен жоопкерчиликти моюнума алам. Ар бир премьер өз учурунда болгон иштерди моюнуна алыш керек. Эл аралык аудит өткөрүү сунушум боюнча, 3 күндөн бери акча кандай сарпталды деген суроо болуп жатат. Ошого тажрыйбалуу эл аралык компания жалдайлы деп жатам. Муну алардан башка компания жасай албайт. Ушул эле жол бар, башка жол жок".

Талант Мамытов мындай иштерде эл аралык компания шарт эместигин айтып, алар акыйкат жыйынтык чыгарбайт деди.

15:20. Депутат Акылбек Жапаров президент Сооронбай Жээнбековду ЖЭБ чуусуна аралаштырбоого чакырды. "ЖЭБди жаңылоодо ката кетирген жооптуу мекемелердин жетекчилерин жоопко тартыш керек", - деди Жапаров.

15:22. Депутат Чыныбай Турсунбеков ЖЭБ чуусунда Жогорку Кеңештин күнөөсү эмнеде экенин айтты. "Кытай кыргыз тарапка кат жөнөтүп, ТВЕА компаниясын сунуштаган. Биз, депутаттар ТВЕА мыкты ЖЭБ куруп берет дегенине ишенгенибиз үчүн күнөөлүүбүз деп эсептейм", - деди Турсунбеков.

15:40. Депутат Иса Өмүркулов: "ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия мыкты иш аткарды, анын ишине бут тосуулар болду, керектүү документтерди алуусууна тоскоолдуктар болуп жатты. Кайра энергетикалык системибиз, кандай гана өзгөрүүлөр болбоду! Эгер өз убагында акча бөлүнүп, бул каражат туура пайдаланса, объекттер дале иштей бермек. Азырынча алдын ала кимдир-бирөөлөрдү күнөөлөй бербеш керек. Эгер күч органдары тастыктап иликтеп тактап баа бербесе, анда парламентке болгон ишеним жоголот".

16:30. Депутат Руслан Казакбаев: "Биз, депутаттар, ЖЭБ чуусу боюнча саясий баа берип ачып бердик, эми күч органдары тергөөнү жүргүзөт. Биз үч күн бул маселени талкуулап демократиянын туу чокусуна жеттик".

17:00. Депутат Садык Шер-Нияз: "Өлкөбүздө министрлер соттон коркуш керек. Ал үчүн соттук реформаны ишке ашыруу зарыл. Азыр болсо чиновниктер президентке жагынып жүрүшөт. Муну токтотуу керек. Мындай көрүнүштү өзгөртүүгө убакыт келди. Эгер министр президентке ишенбей, сотко ишенсе, ошондо гана ишин так аткарат".

17:05. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев иликтөө калыс өтөрүнө ишене турганын айтты. Мындан тышкары ал Жогорку Кеңешти эч качан алдабаганын айтты.

17:10. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков саясий куугунтук болбош керектигин айтты. "Качан саясий куугунтук болсо, бийликтин аброюна чоң шек болот. Тергөө акыйкат болот деп ишенем. Эгер чын эле коррупция бар болсо, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек", - деди Исаков.

17:20. Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча токтом долбооруна добуш берүүгө өтүштү.

17:45. Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча токтом долбоорун жактырды.

Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (9:45 - 11:00)

Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (11:15 - 13:00)

Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (14:00- 16:00)

Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (16:15 - 17:45)

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан