Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
“Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Бишкек ЖЭБин жаңылоону биринчи ким сунуштаганын сурады. “ЖЭБди жаңылоо боюнча талкуу жүрүп жатканда Осмонбек Артыкбаев энергетика министри беле?” - деп сурады.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында, “ТВЕА” кытайлык компаниясы менен “Электр станциялары” ААКсы меморандумга 2013-жылдын 1-февралында кол койгон.
Нышанов: “Биз ЖЭБди жаңылоо боюнча ким биринчи сунуштаганын билишибиз керек. Кийинки жыйында ошол кездеги министрлерди чакырып, маалымат угалы", - деди.
КСДП фракциясынан депутат Улан Примов Осмонбек Артыбаев иш сапары менен Америкада жүргөнүн эскертти.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.