"Мен азыр да ТВЕА боюнча каршы позициядамын". Мындай пикирин тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 17-майда парламентте ЖЭБ боюнча талкуу жүрүп жатканда билдирди.
Депутат Курманкул Зулушев Аскар Бешимовдун кечээ жергиликтүү басылмага берген маегинде көп маалымат айтканын билдирип, парламент трибунасынан да ошол маалыматтарды айтуусун сунуштады. Буга ылайык, Бешимов маалымат берди.
Бешимовдун айтымында, ал азыр да мурунку позициясында. "Эки өлкөнүн мамилеси укуктук талаада болгон нерсе. Бир дагы келишимде канцелярия деген жери жок. Биздин негизги келишимибиз мамиле түзүш боюнча. "Талкууну абайлап кылыңыздар. Бул эки тараптуу мамилеге шек келтирет. Жакында президенттин Кытайга расмий сапары болот" деп буга чейин айтып жатышты. "Кытайдын элчиси келип нааразычылык билдирди" деп да айтышууда. Бул коомдо бир өлкө жөнүндө сөз болсо вакуум болот.
Мен 25 жыл дипломатиялык багытта иштедим. ТВЕА боюнча мен ошол эле позициядамын. Мен азыр да туура эмес болгон деп кол коюп бере алам. Ал эми Эрлан Бекешевич (Абдылдаев - ред.) кандай кол койгонун мен билбейм. Бул компанияны ким алып келген? Биринчи бизге компания келгенби же банк келгенби деп кызыгып көргөнбүз. Буга жооп таба албаган соң кат жолдогонбуз", - деди Бешимов.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: "Биздин министрликте күчтүү юристтер иштейт. Биз буга чейинки позициябызда турабыз. Бешимов парламенттеги талкуу эки өлкөнүн мамилесине таасирин тийгизбейт деп жатат. Мен ага кошулбайт элем", - деди Абдылдаев.
Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ТИМге тийиштүү документтерди да тергөө иштерине кошуу керектигин айтты. "Тергөө жүрүп жатканда расмий нота, канцеляриянын каты маанилүү роль ойнойт. Ошону да тергөөдө карап чыгууну сунуштайт элем", - деди Исаков.