Бишкек ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мөөнөтүн 1-апрелге чейин узартуу сунушталды

Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын мөөнөтүн 1-апрелге чейин узартуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов билдирди.

Эл өкүлү ЖЭБдеги авариянын себептерин жана 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн 1-мартка чейин убакыт берилгенин айтты. Ал комиссияга дагы кошумча бир ай убакыт берүүнү күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Депутаттын сунушу күн тартибине киргизилип, анын убактысын узартуу боюнча маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында каралмай болду.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан