№47-түзөтүү абагында отурган Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады. Басма сөз катчы бүгүн, 23-сентябрда №47-түзөтүү абагына барып аны менен жолугушканын белгиледи.
"Ал кишинин ден соолугун сурап, абалын билип кайттым. Абалы жакшы, баары жайында экенин айтты. "Интернет колдонуучулардын бири сизди "жүрөк оорусу кармап каза болду" деп маалымат таратып жиберди" десем, таң калып калды. Ал эми азыр китеп окуу менен алек болуп жатканын айтты", - деди Сабатарова.
Басма сөз катчы андан сырткары аталган абак жайында эч кандай чуу чыкпаганын кошумчалады.
23-сентябрга караган түнү Адилет Алиев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына абакта жаткан Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусу кармап каза болгонун жарыялап, бир канча убакыттан соң кайра өчүрүп салган.
Өмүрбек Текебаевди 2017-жылы февраль айында ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. Аны Орусиянын көпчүлүк аферага аралашкан адамдын көрсөтмөсү менен 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.