28-май күнү тынчы жок, кыймылды сүйгөн адамдар төрөлөт. Бул күндө төрөлгөндөр ар түрдүүлүктү жакшы көргөндүктөн, дайыма кызыктуу окуялардын коштоосунда жүрүшөт. Алар адамдардын эсинде жаркылдаган мүнөзү менен эсте калгандыктан, бул күнү төрөлгөндөрдүн достору көп болот.
Бул күнү жарык дүйнөгө келгендер кыялкеч гана болбостон, иштин көзүн билген адамдар. Андыктан алар үчүн эң маанилүүсү - эркин жүрүп, эч кимден көз каранды болбоо. Мындан улам алар тагдырын өздөрү өзгөртүп, келечегин тандай алышат. Ошол эле учурда булардын алсыздыгы тагдырына нааразы боло бергенинде.
Бул күнү төрөлгөндөр мугалимдик кесипти аркалабай койгону жакшы. Себеби табиятынан оюн элге түшүндүрүп берүүгө жөндөмсүз келишет.