“Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча президентке жана Башкы прокуратурага кат жолдоду. Бул тууралуу маалымат жыйында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Шыкмаматов Текебаевдин кылмыш ишинде саясий буюртма аткарылганын айтып, негизги доогер болгон Леонид Маевский ушул сыяктуу иш боюнча Орусияда кармалып, камакта отурганын билдирди.