Сапар Исаков 3 сааттан бери сурактан чыга элек

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 3 сааттан бери сурак берип жатат. Ал саат 14:00дөрдө сурак бергени кирип кеткен. Бирок арадан 3 саатка чукул убакыт өтсө дагы, дале чыга элек. Ага чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аны камап коюу коркунучу жок экенин, себеби ал 100 пайыз ак экенин айткан.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген.

14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Сурак түштөн кийин да уланган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Дарыгер
2018-05-29 17:29:51
Чыкпай калса экен. Камап кустуруп алышсын
+3
asdef
2018-05-29 17:55:33
Тынчытат
+3
karakulja
2018-05-29 18:02:07
З0 жыл чыкпай калса экен.
+3
uli1234
2018-05-29 18:09:13
Камагыла
+3
adilbars
2018-05-29 18:36:49
Алдап атса керек
+1
leilekstan_1987
2018-05-29 18:38:51
ошол бойдон чыкпай прям сизого кетсе экен ХХХХХХХХэрке баласы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан