Сапар Исаковдун соту 18-февралда башталат

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту 18-февралда башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, сот саат 16:00дө башталат. Алдын ала уктуруу жабык түрүндө өтөт. Сапар Исаковго карата козголгон кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал 5-июнда камакка алынган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nursbaike
2019-02-13 13:01:50
Иий байкуш ушинтип айтыптырбы
0
Bazake
2019-02-13 15:02:59
Nursbaike, Байкуш деп мындай адамдарды айтпайт. Максим менен барып ТЭЦти ондоону 150 млн. долларга суйлошуп келип, 2 жылдан кийин анын суммасын 386 млн. долларга чыгарып, андан 111 млн. доллар уурдаган адам кантип байкуш болсун. Катуу жазалаш керек мындайларды
-1
erlan2196
2019-02-13 13:33:01
Сапар Исаковдун эч кандай куноосу жок. Бул жерде Жээнбековтордун саясий куугунтугу. Жээнбековтордун тегерегиндеги ууруларды Жээнбеков эмне учун камаган жок.
+1
Erik2018
2019-02-13 14:55:42
erlan2196, Күнөөсү жок болсо эмнеге камак эле. Биринчи Сапар тийишттүү жазасын алсын, экинчиден Атамбаевди камаш керек.
-2
Erik2018
2019-02-13 14:54:24
Сапар каш болуп, Атамбаев баш болуп ЖЭБ боюнча чырдын башынан чыгышкан. Ошондуктан баары мыйзам алдында жооп беришсин.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан