Бүгүн, 29-майда саат 14:00гө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПдан тастыкташты.
Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген.
14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Суракка кирип чыккан сайын ал журналисттерге кыска комментарий берип турган. Башында ал суракка кирип баратып, "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Ал эми сурактан чыгып жатып, "депутаттык комиссия адилетсиз чечим чыгарды" деген оюн билдирген.
Түштөн кийинки суракка кирип баратканда Исаков аны камоого негиз жок экенин айтса, чыкканда сурак ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу экенин маалымдады. "Бул иш менен менден мурунку өкмөт алек болчу. Тергөө иштери дагы канча созуларын билбейм", - деди Исаков.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.