Сапар Исаковдун УКМКда сурак берип жатканына 4 сааттан ашты

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 5 сааттан бери сурак берип жатат. Ал саат 14:00дөрдө сурак бергени кирип кеткен. Бирок арадан 5 саатка чукул убакыт өттү, бирок дале чыга элек. Негизи мыйзам боюнча сурак 4 саатка чейин гана созулушу керек.

Сапар Исаков суракка киргенге чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аны камап коюу коркунучу жок экенин, себеби ал 100 пайыз ак экенин айткан.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген.

14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Сурак түштөн кийин да уланган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2018-05-29 19:17:29
Кудай билет ичкериде чай ичип маек куруп олтурабы кезектеги сериялды көрүп УКМКанын адамдары менен жеке оюм .эгер УКМКа зор болсо кам айт жок жерден Садыр Жапаровду камап салды күүнөм жок дейт канчалаган жеп койду экен?
+6
isabek1977
2018-05-29 19:30:26
Балашканын акыбалы чатак.Асманын кара булут каптап калыптыр.
+3
Asan123
2018-05-29 19:38:06
Кыргызстандын бийлигине коз тийбесин бирин бири жакшы корушот АНАН эле карсан МЕН жакшы сен жаман болуп кетишет
КЫРГЫЗ элиме куч кубат берсин

-4
rysik79
2018-05-29 19:45:38
Сапаш музейде журот аташкасын жетелеп.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан