Жактоочу Нурбек Токтакунов: "УКМК кызматкерлери Сапар Исаковдун ишинен илинчек таппай, анын жакындарынын үй-мүлкүн текшермей болушту"

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Сапар Исаковдун ишинен эч нерсе таппай, анын кайын-журтунун үй-мүлкүн текшерүү үчүн соттон уруксат алышты", - деп бүгүн, 4-октябрда мурдагы өкмөт башчынын адвокаты Нурбек Токтакунов SUPER.KGˊге билдирди.

Жактоочунун айтымында, УКМК кызматкерлери текшермей болгон үйлөр Сапар Исаковдун жакындарынын өз мээнети менен тургузган үйлөрү болуп эсептелет.

“УКМКнын кызматкерлери Сапар Исаковдун жубайы Маликанын (Арстанбекова - ред.) ата-энесинин үйүн, жана Малика 4 баласы менен жашап жаткан батирди кароодон өткөрөбүз деп соттон санкция алышыптыр. Максаты ал үйдүн канча баада турарын билүү экен. Негизи Маликанын атасынын үйү мурда эле жер тилкеси менен бир үйгө алмашылган экен. Малика жашап жаткан батир 2007-жылы курулуш компаниясы менен бөлүп төлөө үчүн келишим түзүп, 2012-жылы өзүнө катталган. Маликанын атасы болсо кызы Сапар Исаков менен жолуга электе эле Казакстандан азык-түлүк ташып, өз мээнети менен акча тапкан ишкер киши болгон. УКМК кызматкерлери азыр Сапар Исаковдун ишинен эч нерсе таппай, анын кайнатасынын үй-мүлкүн текшерүүгө алып жатышат. Бул туура эмес. Алардын үйүн кароодон өткөрүү үчүн Биринчи Май райондук соту уруксат бериптир. Биз бул токтомдун үстүнөн кайра сотко даттандык”, - деди Токтакунов.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда абактагы тергөө мөөнөтү 5-октябрга чейин узартылган. 1-октябрда тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылып, 5-декабрга чейин камакта калтырылган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ka2sr1
2018-10-04 18:17:03
Сапар Исаковду Жээнбеков ак жеринен каматып салды. Себеп Жээнбековго унчупаган кошоматчылар керек.
-1
aiba.8327
2018-10-04 18:20:50
Текшериш керек канчалаган чондор тууган уруктарына кыймылсыз мулторун каттатып койгон....
+5
aydinnur
2018-10-04 18:39:30
Сапар акталат!!!
-3
pat12
2018-10-04 20:01:47
Эгер Сооронбай Жээнбеков озунун саясый кызыкчылыгын токтотсо, анда Сапар Исаков акталат жана жасаган иштерин аягына чыгарат.
-1
Bars88
2018-10-05 09:01:44
Сапар жебеген ак болсо.Калганы периште болуп кететго
-1
Beka1986
2018-10-05 11:36:08
Жебегени чын болсо Аллахым озу колдосун Сапарды
+1
talaa11
2018-10-05 19:29:57
Нурбек уялбайсынбы кайсы бетин менен айтып атасын Сапарды таза деп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан