SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусундагы Өзгөн районунун Көлдүк айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл кооз жаратылышы, мазар булагы, жаңгак токою жана айылда өскөн кымыздыгы менен даңкталып келет.
Көлдүк айылы тууралуу бизге Айбек Сабирмамат уулу айтып берди. Ал аталган айылда төрөлүп, чоңойгонуна сыймыктанарын билдирип, айылдын кооздугу ага келген ар бир конокту суктандырарына ишенерин билдирет. Көлдүктүн административдик-географиялык жайгашуусу - тоолуу аймак.
Айбек адегенде Өзгөн районунун борбордук бөлүгүнөн 35 чакырым алыстыкта жайгашкан айылдын эмне себептен Көлдүк деп аталып калгандагы уламыштарына токтолду.
"Айылдын аталышы тууралуу жергиликтүү калк арасында 2 уламыш бар. Кээ бир айтылып жүргөн маалыматтар боюнча, биздин айылыбыз мындан 3 кылым мурда пайда болгон. Аксакалдардын айтуусунда, Көлдүк айылынын эң жогорку жагын камтыган Тоо-Дыйкан кыштагындагы жар көчкөн. Көчкү 3 ай бою сууну тосуп, көлгө айланып турган. Ошондон көл пайда болгон жер деп айтылып жүрүп, Көлдүк аталып калган.
Экинчи уламыш боюнча, мындан 2-3 кылым мурда кыргыз урууларынын өз ара жер жана бийлик үчүн күрөшү башталган. Ошондо Ысык-Көлдө жашап жүргөн кашка уруусун бугу уруусундагылар "Биз менен кошо кырылып калбай, өзүңөрдүн аймагыңарга - Ошко кеткиле", - деп жөнөтүшкөн экен. Ысык-Көлдөн кайра кайтып келген кашка уруусунун элин жергиликтүүлөр көлдүктөр деп аташкан. Ошондон улам биздин айыл Көлдүк деп аталып калган дешет. Биз көп учурда экинчи уламышты чын деп эсептейбиз", - деди Сабирмамат уулу.
Айылда эл эгин айдап, дыйканчылык менен алектенет. Мындан тышкары тоодо да айыл ичинде да бадам, ит мурун, долоно көп. Аны терип сатыкка чыгаргандар бар. Ошондой эле айылдагы элдин үчтөн бир бөлүгү жаңгактын түшүмүн алып, сатуу менен киреше табат. Акыркы жылдары жаңгак мөмө алган учурда кар жаап, түшүмдү жакшы бербей жатат. Эгер мындай кырдаал катталбай, түшүм жакшы болсо, бир үй-бүлө бир жылдык кирешесине жылкы же унаа сатып алса болот.
Эң эле биздин айылдагы өзгөчөлүк - бул кымыздыктын көп өскөнү, анын даамы. Кымыздык - ышкынга да, чүкүрүгө да окшобойт. Азыр кымыздык бышып, айыл эли аны туз менен жеп, башка жактагы жакындарына таратып жаткан учуру. Табият өзүнүн байлыктарына курчап алган ушундай укмуштуу айылда жашоонун өзү кызык. Биздин айылдагы апалар, жеңелер кымыздыкты кадимки бадыраң туздаган сыяктуу туздап, кышка камдаганды өздөштүрүп алган. Ал тургай аны сатыкка чыгаргандар бар. Туздалган кымыздыктын даамын таткан адам аны кайра-кайра жегиси келет. Кышкысын тузу сиңип, укмуштуудай табитти ачат.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!