Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыбек Дүйшалиев экс-депутат Аскарбек Шадиев боюнча Башкы прокуратура тарабынан кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Аскарбек Шадиевге байланыштуу "мыйзамсыз баюу" боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сырттан каралып жатканын айтты. "Бул боюнча АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүүдө. Бул жылы биздин тергөөчүлөр ал жакка бармак, бирок жагдайга байланыштуу кийинкиге жылып калды", - деди башкы прокурор.
2018-жылы апрель айында Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы "Домодедово" аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткени 1-июнда аныкталган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.