14-январь күнү төрөлгөн адамдар акылы курч, амбициясы күчтүү, адамдар менен бат тил табышкан, көз карандысыз болушат. Алардын жашоосунда материалдык байлык негизги орунда тургандыктан талбай эмгектенишет.
Бул күнү жарыкка келген адамдар ашкан акылдуу болгондуктан маалыматтарды бат кабыл алып, билимин тез эле өркүндөтүп алат. Бирок бирөөгө көз каранды болууну жактырбайт. Ошону менен катар өзүнүн эркиндигин чектөөгө жол бербейт. Ошол себептен жеке мамиледе өнөктөшүнө ишенимдүү мамиле жасап, андан да ошондой мамилени талап кылат.