Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга, ала качууга айыпталган Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча райондук соттун чечими бүгүн, 11-декабрда чыкты.

Соттук процесс Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралды. Анда төрага Санжар Чотонов сот залына келип Бурулай Турдали кызынын өлүмү үчүн айыпталып жаткан соттолуучу Марс Бөдөшов менен Акмат Сейитовго карата чыгарган өкүмүн окуду.

"Соттолуучу Марс Бөдөшов жана "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитовдун иштери менен таанышып, изилдеп чыгып, сот өкүм кылат: Соттолуучулар Бөдөшов менен Сейитовдун күнөөлөрү толугу менен далилденди дейбиз. Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Марс Бөдөшов Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен эки эпизоддо тең 7 жылдан жаза мөөнөтүн өтөсүн. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыратылсын. Жалпысынан тергөө абагында отурган күндөрүн кошуп эсептеп жана Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды кошуу менен 20 жыл күчөтүлгөн тартипте абакта жаза мөөнөтүн өтөсүн. Жаза мөөнөтүн өтөө 2018-жылдын 28-майынан тартып эсептелсин. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күн катары эсептелсин. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта калтырылсын.

Ал эми "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылсын. Ал жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөсүн. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күнгө барабар деп эсептелсин", - деди судья Чотонов.

Мындан тышкары доо арыздар боюнча чечим дагы окулду. Буга чейин жабырлануучу тараптан айыпталуучу тарапка моралдык жана материалдык зыян тартканы үчүн 1 миллион сом доо коюлган. Сот бул доону карап чыгып, келтирилген далилдер жана эсеп тизмеси толук болбогондуктан, айыпталуу тараптан орто эсеп менен материалдык зыян үчүн 300 миң сом, ал эми моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 500 миң сом өндүрүү чечими чыгарылды.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
Pchelka85
2018-12-11 15:25:40
Марсты 20 жылга кестирип, 300 минди кучактап Турдали Мырза эми тынч уктайм деп атса керек. Кызынын башын озу жутканын, анан дагы 2 баланын тагдырын талкалаганын мойнуна алгысы келбесе да, в глубине души Турдали мырза билет озунун куноосун. Вот ошол ой эми бул кишини тынч уктатпайт омур бою. Ач коздонбой кызын ак батасын берип узатканда казыр кызы тируу бир жигиттин суйуктуу жубайы болуп бактылуу жашайт беле.... эх.. Турдали мырза... адам эмес экенсиз да....окунучтуу...
+8
barakcha
2018-12-11 16:42:55
Pchelka85,мындай адамдар тынч уктай беришет.Эн негизгиси акча чонтокто болсо болду.
+2
Busi06
2018-12-12 04:30:31
Pchelka85,ээ силерге эле акылды берип койгондойсунарго, аны Ким олтурду 1Кудай билет либой адам оз баласы учун баарына даяр бт,кайсы адам 1жакшына кызын олтуруп койсо жон отурсун, ошол олгонуно себепчи адам жазасын алышы керек да Марсты бироо алып кач деппи Кыз эгер макул болуп суйуп турса Марс алып качпай эле алат болчу да, значит кыз ага каршы ошон учун зордоп алып качып ошондой жаман окуялар бп кетти, Кыздын Марста конулу жок болсо кантип жашайтле Ошону ойлоп артынан чуркашты токтотуш кк эле
-1
Baku88
2018-12-11 16:56:32
Акча бар жерде чындык чыркырап ыйлап калп каткырып күлот акчанын кереметин көрчү керек болсо өлгөн кызын дагы тынч жаткырбады чукуп чыгып мына көргүлө деп жумурай журтка көкүрөгүнөн бери коргозуп эми кеткен чыгымды төлөп бергиле деди
0
Bishkek_312
2018-12-11 18:28:36
Турдали аксакалдын куноосу чон бул окуяда, кызын суйлошуп жургон жигитине бербейм деп башка бироого кудалаша койуп кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп койду дегендей, ал эми жаш балдар кызуу кандуулук кылып койду окунучтуу!
+1
Arinsa
2018-12-11 18:59:20
Атасында эмне күнөө.Ал деген ата.Ошол кызын бармактайынан өстүрүп чонойткон ата.Ал кызын кимге берет,кимге бербейт кийлигишкенге толук акысы бар.
Бала атасына жакпайбы бербей койгонго толук акылуу.
Күнөө жигитте.Бирөөнүн айдай кызын неге ала качат.Жигитпи ата энесинин ыраазычылыгы менен алыш керек эле.Бербейби бактысын башкадан издесе болмок.Алып барып бычактап,ал эмне деген жапайылык.
-2
Busi06
2018-12-12 04:32:43
Arinsa,эн туура
-1
Arinsa
2018-12-11 19:08:06
Атасынын акча сураганынын себеби бар да.Атасы баланын акчасын алып койбосо,ошол акчаны сотко берип жазасын женилдетет.Ошол жигит бар акчасын эмес,өмүрүн берсе да атасына аздык кылып жатат.Себеби баладан айрылуу чоң кайгы.Азыр атасы күйүүтүн баса албай не гана ойлорду ойлоп жүрөт ким билет.
Кызынын бактысын ойлогондур ошол кудалашкан жерге түшсө,жакшы жашайт дегендир.Эч бир ата-эне балага жамандык тилебейт.
-2
anonymous
2018-12-11 19:38:36
Кылмышкер жазасын тартыш керек фейк аккаунттар го дейм колдогондор
0
newman
2018-12-11 20:00:13
Марс болоору болду. Берки Сеитовго боорум ооруду. Себеби, кызды алып анан Сеитовду жолдон салып алдык деп айтып эле Марс. Сейитов айылга барып келейин деп ушу ишке байланып калганы өкүндүрөт
+2
Diyana
2018-12-11 20:09:28
Жараткан Аллах ар бирибиздин тагдырыбызга жазган олумду. Бирок кимибизге качан келерин билбейбиз, кимгедир эрте, кимгедир кечираак келет. Ала качуу, анан турмодо бычакталуусу ал жон эле себеп. Демек кыздын тагдырына эрте олум жазылган экен, башка нерсе себеп болуп да ошол куну олум келмек. Перзентин жоготуу кыйын, бирок эки кырчындай жаш жигиттин тагдырын талкалап аларды камоо мн ошол акылсыз кишинин кызы кайтпайт.
+3
Diyana
2018-12-11 20:18:12
Биринчи класстын окуучусундай муундап аран окуп окум чыгарган кыргызымдын соттору аман эле болгулачы. Канчалан килтейген кылмыштарды жаап коюп акча мн, байкуштарды сыздатып турмого тыгып кантип баш которуп журосунор. Кыздын атасына соз жок, куран окуп багышташтын ордуна жаздан бери ушул балдарды каматуу мн алек, мына эми максатына жетти. Ошол моралдык зыян учун деп ондургон акчасы буйрубасын. Берки байкуштар кредит алып журуп таап бердида ошончо акчаны. Эхх, адамдар кайда баратабыз
+3
barakcha
2018-12-11 22:17:44
Салмактуу киши болсо кызынын бейитине барып куну туну куран окуп сообун кызына багыштап отурса пайдалуу иш кылган болмок.Бирок,окунучтуусу акчага азгырылгандыгы....
+2
Djumahmatov
2018-12-11 22:48:39
Чындык жок подстава болду байкуш адосуна эмнеге 7 жыл?
+3
semizkyz
2018-12-12 08:01:13
Бул жерде милициялар кунолу. Окуя жаны болгон кезде эч кимди корсотпой коюшту го менттер. Менттер оздору олтуруп алышты да эптеп тиги балага оодарып койду
+2
Baktikan
2018-12-12 10:11:26
Bul jerde adiletsiz chechim boldu,ech nerseni tak izildebei turup chechim chikti,Burulaidin jigiti emes bolchu deshpedibi,andai bolso murdagi tushkon surotu,Burulaidin akcha jonotkonu Marstin atasina,ekoo biri biri menen suyloshup jurgonbu telefon chaluulardi kat jonotuuloru bardir,baarin teksherip chechimdi chigarish kerek ele,a kizdin atasinin uyati jok adam eken,jalgan aytip kuda tushkon adamdardi kiyin kelgile dep jonotup , bashka jigit menen kudalap,akiri kizin jep aldi,
+2
Baktikan
2018-12-12 10:16:48
Bizde kirgizdarda kiz turmushka chigabi je bala uylonobu alardin kaalosun emes ata eneler jeke kizikchiligin kozdoit~Kandai uy buloodon baibi je kedeibi bilimi barbi je jokpu,bunun baari keregi jok nerse ortodo suyuu bolso baari bolot,
+2
Baktikan
2018-12-12 10:18:57
Turdali da akchasi bar adam taap kudalap kizin satmakchi bolgondur ,oozun araandai achip ach koz,kizinin omurun kiyilganinaa jardam berdi dep kamasa jarashat,
+2
shahlet
2018-12-13 04:05:48
Милиция болумундогулор ошол убакытта эмне менен алак болду деп ойлой берем. Ошондо милиция болумундогулор жоопко тартылбайбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан