Социалдык тармактын айрым колдонуучулары 9-июнда өлкөдөгү кыз-келиндерге зордук зомбулуктун токтотулушун талап кылып тынчтык митингине чыгууга чакырууда. Бул тууралуу Фейсбуктун Мээрим Нурланбекова аттуу колдонуучусу да жазып, каалоочуларды катарга кошулууга чакырган.
Уюштуруучулар "Биз аялдардын укугун коргойбуз" аттуу митинг 27-майда алып качып бара жаткан жигиттин колунан бычакталып көз жумган Бурулайдын элесине арнала турганын жазышууда.
"Сиздерди биздин катарга кошуулууга чакырабыз, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары кыз-келиндердин укугунун тебеленишине каршы. Эгер ушул пикирге кошулсаңыз, колуңузга ак лента байлап келиңиз, биз үнүбүздү тиешелүү тараптарга жеткиребиз. Биз кыз ала качууга, үй-бүлөдө аялга зордук-зомбулук көрсөтүүгө, кыз-келиндерди басмырлоого каршыбыз жана мындай иштерди жасагандарга жазаны күчөтүүнү талап кылабыз. Бурулайдын өлүмү кыз-келиндердин кордолушунун акыркысы болсун", - деп жазышкан уюштуруучулар.
Митинг 9-июнда саат 13:00дө Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында өтүп, андан кийин колдоруна ак лента байлаган катышуучулар Бурулайдын элесине арналган жүрүшкө чыгат.