"Биз балабызды эч кимдин акысын жебе деп тарбиялаганбыз, мен балам менен сыймыктанам", - деп бүгүн, 9-августта мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаева журналисттерге билдирди.
Ал уулу менен жолугууга уруксат берилбей жатканын айтып, керек болсо колун кармоого да соттор макулдук бербегенине нааразы болду.
"Менин балам суудан таза, кардан ак. Менин уюткулуу элим кайсы жерде акыйкаттык, кайсы жерде мыйзам бузуу болуп жатканын көрүп турат. Эртеби-кечпи эл өзүнүн калыс сөзүн айтат. Биз балабызды эч кимдин акысын жебе деп тарбиялаганбыз. Эгер ал мыйзамды бузса, жоопко тартса болот. Бирок күнөөсүз адамды каралаган - Кудайга жакпаган иш. Баары жакшы болот. Менин балам баштаган жакшы иштердин баары ишке ашат. Ал менен сыймыктанам", - деди Өмүрбаева.
Бүгүн, 9-августта Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду эки айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.
Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Соттун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.