7-февраль күнү төрөлгөн адамдар ачык-айрым, пикир алышууну, жаңычылдыкты жактырган, ой-жүгүртүүсү өзгөчө, идеяга бай болушат. Ошондой эле ак көңүл, камкор болгондуктан жакын адамдарына жардам берүүдөн тажабайт. Жаңычылдыкты жактыргандыктан өзгөчө нерселерди ойлоп табуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Алар башка адамдардан кеңеш сураганы менен, алардын оюна, кеңешине көз каранды болууну жактырбайт. Ар бир жасаган нерсесин өзү чечкенге аракет кылат.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе романтикага жакын болуп, сүйүктүүсүнүн көңүлүн алып турууну жактырат. Ошондой эле берилүү менен мамиле жасап кыйышпас өнөктөш боло алат.
Ал эми кандай жумуш болбосун иштеп кете алат. Ачык-айрым болгондуктан кесиптештери менен оңой эле тил табышып кетет. Ошондой эле идеяга бай болгондуктан ар бир жасаган ишинен ийгилик жарата алат.