Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу 27-февралда өтөт

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен биргеликте мурдагы 7 аткаминерге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук алдын ала уктуруу жабык өттү.

Исаковдун сот отурумунан чыккан жактоочусу Нурбек Токтакунов отурумдун жүрүшүндө соттук кароону ачык кылуу өтүнүчүн келтиришкенин билдирди.

"Зал абдан тар экен. Жактоочулар жана башка адамдар болуп 20 киши араң баттык. Биз "кийинки отурумдар ачык болсун, эл баткан кенен зал караштыргыла" деген өтүнүчтү айттык. Негизи алдын ала уктуруулар жабык түрдө өтөт. Ишти карап жаткан сот Инара Гилязетдинова бул менин милдетим эмес, бул техникалык маселе деп жатат. Аны Жогорку Сот чечет. Кийинки алдын ала угуу келе жаткан шаршембиде болот. Бүгүн ар бир соттолуучуну камактан бошоткула деген дагы өтүнүчтү келтирдик.

Кийинки алдын ала угууда мыйзамсыз далилдердин тизмеси каралат. Алдын ала угуулар бүткөндөн кийин 3 варианттын бири кабыл алынат. Же соттук иш уланат, же соттук кароо токтотулат, же болбосо иш кыскартылат", - деди жактоочу.

Өткөн жылдын 29-майында Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
korea
2019-02-18 16:58:06
Кандай соттон бошоткула!? Мыйзам чегинде жооп берсин. Уурунун орду башка ошол жакта...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан