УКМК: "Депутат Артыкбаев камакка алынды"

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Артыкбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштин негизинде кармалып, тергөө аягына чыкканга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

"5-июнда башкы прокурор парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Анын алкагында Артыкбаев кылмышка шектүү адам катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Beki092
2018-06-06 07:57:04
Бишкектен аябай жагымдуу жанылыктар чыгып жататго



Балыктар кармалыптыр эми Китти караганда
+19
Suzak12
2018-06-07 01:13:10
Beki092,Камалганы жакшыго бирок мен тушунбойм кее бироолору камактан чыккандан кийинда охрана менен жургонуно тан калдым.
+1
pyeon hwa
2018-06-07 09:22:39
Beki092,Шадиев акча берген окшойт, качып кеткенге жол бергиле деп
0
PROS
2018-06-06 07:57:33
Шадиевди камакка алган бул жакта турсун суракка да чакырбадыңар эле ((((
+11
Bazake
2018-06-06 09:26:25
PROS,Шадиевди ХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-06-06 10:24:49
Bazake, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз!
+2
Mamiev
2018-06-06 22:14:21
Анвар Артыков камалды го деп суйунуп кеттим эле.ХХХХХХХХХ
+8
Malik92
2018-06-06 08:12:57
Ал жепжутат кармалды-бул жепжутат кармалды деген кабарды угуп сүйүнгөнүбүз менен,алардын акчасы көп илибой жерден чыгып кетишетда.Же бул элди алдоонун бир ыкмасын ойлоп табыштыбы??Коррупция бизде ымыркай апасынын ичинде түйүлдүк болуп жаралгандан башталат.Поликлиникага учетко туруш үчүн акча.Бала туулганда акушеркага акча.Садике киргизиш үчүн акча.Мектепке киргизиш үчүн акча.Окуу жайга кириш үчүн акча.Жумушка орнош үчүн акча.Бизде эч качан Коррупция жоголбойт.Биздин каныбызга синген Коррупция.
+15
bayana1987
2018-06-06 08:49:53
Malik92,камалса да жаман камалбаса да жаман. Эмне кылыш керек силерге? Наалыгандан башканы билбейсиңер тобаа
+16
jbolotov
2018-06-06 08:48:57
Мамлекеттин акчаларын жеп салуу байуунун бир методу болуп калдыго, мындай иштерге Корупция беренеси менен иш козгоо ото женил болуп калат, 2 ай СИЗО менен бутуруп коюшу мумкун же айыбын толоп чыгып кетишет. Буларга чыккынчылык, шпионаж, озгочо чон суммадагы каражаттарды жеген деген статьялар менен иш козголуш керек болчу.
+8
Bazake
2018-06-06 09:25:23
Ушундай чечкиндүү кадам мурда эңле жасалса болмок. Элдин баары колдоп жатат коррупцияга каршы курошту. Президенттин эрки бекем экен.
+5
Bazake
2018-06-06 09:28:26
Ажобуз Кытайга сапар тартты. Эми оомат коштосун аны. Кудай тарабынан таза президент берилди. Эми аны колдоп, барктап алалы
+10
EEsennnn
2018-06-06 09:37:21
ушундай тазалануу, жаңылануу иштери көп болсо экен.
+8
Syimyk.isaev
2018-06-06 10:15:58
Эрте суйунбой туралы,жожону куздо санайбыз. Бул жон гана зима не будет болуп калабы деп корком.
+10
Busi06
2018-06-06 10:19:56
Камалсын арам акча аш болбойт баарын чекеден кустур Соке жарайсын Кудай колдосун умутубуз сенде Ак иште.
+9
urmat94
2018-06-06 10:35:56
Буларды жон эле камап койбой жегендерин кустуруш керек жашаганга 2-3комнат уйун калтырып калган байлыктарын сатып карызыбызды тологонго аракет кылыш керек
+6
Meni_unut
2018-06-06 10:38:02
Соонун жанылыктар го...))) Камагыла бир четтен жегичтерди.
+5
Nevestkaa
2018-06-06 20:32:06
Ураааа жакында депутаттар түгөнөт чекеден камалып.С.Жапаров,М.Мырзакматовтор келсе кандай сонун болот эле.
+6
Romantik.
2018-06-07 06:55:15
Мен Артыкбаевдин жердеши болом, бул жеткен коррупционер, дайыма шайлоо болордо пайда болот да Куру убадаларды, голоско деп акчаларды аябай таратат, бул жегичти камап кустургула!!!
+1
pyeon hwa
2018-06-07 09:23:43
Учактын ээсин жазаласын! ошондо кором кыйын экенин
0
bakulya2015
2018-06-07 19:21:54
Буйруса азыркы бийлик жакшы иштеп жатат. Козда созда тийбесин ийгиликтер жана акыйкаттар гана коштолсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан