15-февраль күнү төрөлгөн адамдар жаңычылдык жаратууну жактырган, өзгөчө идеяга бай, ачык-айрым болушат. Алардын акылы курч болгондуктан бир нерсени бат өздөштүрүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле ачык-айрым мүнөзү адамдар менен тез тил табышып кетүүгө жардам берет. Дүйнө таанымынын кеңдигин анын идеяларынан байкоого болот. Алдыга максат коюп, ал үчүн тынбай аракеттенишет.
Бул күнү жарыкка келгендердин энергиясы күчтүү, жумуш жаатында болобу же башка тармакта болобу активдүү болушат. Ошону менен катар достукка бекем болгондуктан айланасында курчаган достору көп. Ал эми жеке мамиледе үй-бүлөгө карамдуу, сүйүктүүсүнө ишенимдүү өнөктөш боло алат.