КҮНСОБОЛ: Президент кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей жүргүзүлүшү керек" деди. Мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы?

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчы "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталы мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген собол салды.

АМАНКУЛОВ: "Азыр бардык коррупционерлердин иши каралып жатат дегенден алысмын"

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун айтымында, президенттин бүгүнкү билдирүүсүнөн анын коррупцияга каршы күрөшкө катуу киришкенин билсе болот.

"Мен президенттин коррупция менен күрөштү негизги багыт катары тандап алганын туура кадам болду деп ойлойм. Муну коомчулуктун баары күткөн. Президенттин коррупция менен күрөшүүгө саясий эрк менен катуу киришкенин байкадым. Өлкө башчысынын жана тийиштүү органдардын эрки, чечкиндүүлүгү болсо, коррупцияга каршы күрөш жогорку деңгээлге чыгат деп эсептейм.

Учурда бардык коррупционерлердин иши каралып жатат дегенден алысмын. Бирок тийиштүү органдар иш алып барууда. Азыр баары коррупцияга аралашпай, корко баштады. Бул, албетте, жакшы. Бул күрөштүн натыйжалуулугу өлкө жетекчилигинен көз каранды", - деди Аманкулов.

ТОКТОРОВ: "Президенттин кайрылуусу коррупцияга каршы күрөш дагы күчөтүлөт дегенди түшүндүрөт"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторовдун пикиринде, президенттин бүгүнкү билдирүүсү өзүнүн жемишин берет.

"Коррупцияны жоготууну коом көптөн бери күтүп жүргөн. Ошого байланыштуу да президент бүгүн жалпы кайрылуу жасады. Өлкө башчысы президенттик шайлоо алдында да коррупцияга каршы күрөш катуу жүрөрүн убада берип, негизги жасай турган иши ушул боло турганын айткан.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында да, сот системи боюнча жыйында да коррупцияга байланыштуу билдирүү жасаган. Ошол айткандарын бүгүн парламентке келип эскертип кетти. Бул коррупцияга күрөш токтотулбайт, мындан да күчөтүлөт деген маанини билдирет. Элге, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө бирдей кайрылуу болду. Эми президенттин сөзүнөн кийин укук коргоо органдары да тергөөнү жүргүзүп, жакшы жыйынтык чыгарып бериши керек", - деди Токторов.

НЫШАНОВ: "Аткаминерлер азыр документке кол коюудан чочуп калышты"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коррупциянын толук жоюлушу айлык маянадан да көз каранды экенин айтты.

"Бийлик сотпу, прокурорбу, министрби, дегеле бардык кызматкерлерге шарт түзүп бериши керек. Жеткиликтүү маянаны бермейинче алдыга жылыш кыйын. АКШда соттор президенттин да чечимин жокко чыгара алат. Себеби ал жакта сот, биринчиден, Кудайдан коркот, экинчиден, мыйзамды сактайт. Алар тарыхта мыкты, таза сот катары жазылып калгысы келет. Аларда кадыр-барк деген нерсе маанилүү.

Бизде премьер-министрдин камалганы биринчи жолу болуп жатат. Азыр биздеги чоң коррупциялык иштерден кийин аткаминерлер чочуп калышты. Мына эми бир документке кол коюуда үтүр, чекитине чейин жакшылап карап чыгышууда. Буга чейин жетекчим эмне дейт деп кол коё беришкен. Президент бүгүн чоңдордун декларациясын текшерүү боюнча жакшы маселе көтөрдү. Кээ бир аткаминерлер декларациясында көрсөтпөсө да заңгыраган үйлөрдө жашап, кымбат автоунааларды айдашат. Эгер мындай байлыгы болсо, өзүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатышы зарыл", - деди Нышанов.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Коррупцияга каршы күрөштө бир эле камоо максат эмес"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө бир эле камакка алуу максат эместигин айтты. "Бийлик уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө шарт түзсө коом даяр. Бийлик камаса жана коркутса, коом, маалымат каражаттары, саясатчылар коркуп калат. Ошондуктан мындай чөйрөнү түзө турган президент, андан кийин өкмөт болуп эсептелинет. Эгерде алар эркиндик бере турган болсо, коррупционерлерди жеңген, аларды колдобой сындаган адамдар, журналисттер пайда болуп, чөйрө оңоло баштайт.

Коррупцияга каршы күрөштө бир эле камоо максат эмес. Тилекке каршы, биздин президенттердин бардыгы келгенде камоо менен гана алектенет. Бүгүнкү күндөгү камоолор коомчулукта коррупцияга каршы күрөш катары кабыл алынып жатат. Мен дагы ошентип кабыл алдым. Эми 2-3 айдан кийин сот реформасы, мамлекетте коррупцияга каршы тура турган чөйрө түзүү башталбаса, азыркы камоолордун бардыгы саясий өч алуу, саясий куугунтук катарында кабыл алынып баштайт. Президентке каршылыктар көбөйө баштайт", - дейт Жээнбеков.

ЖОЛДОШЕВА: "Бийлик коррупцияга каршы күрөшүүдө өч алуу айлампасынан чыгышы керек"

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева коррупцияга каршы системдүү түрдө күрөшпөсө, анда күрөшүү толук кандуу болбойт деген пикирде. "Улуу державалар коррупцияга каршы күрөшүп келе жатышат. Бирок алар дагы коррупцияны түп тамыры менен жокко чыгара алышкан жок.

Албетте, коомчулук коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам бериши керек. Жалгыз бийлик өзү жетишпейт. Ошондуктан биздин жарандар маалым кат аларда, балдарын окууга өткөргөндө жана башка жагдайларда пара берүүнү токтотуусу зарыл. Мына ошондо коом тазаланат. Ал үчүн жарандардын укук талаасындагы билими күчтүү болушу керек. Бийлик коррупцияга каршы күрөшүүдө өч алуу айлампасынан чыгып, тандалма күрөштү токтотушу зарыл. Оппозицияга кугунтук жасалбашы керек", - дейт Жолдошева.

АМАНБАЕВ: "Эл коррупциядан тазаланууга даяр, күтүп жатат"

Экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин пикиринде, коом коррупциядан тазаланууга даяр. "Ал эми бийлик даярбы, маселе ушуда. Бул күрөштөн жыйынтык чыгабы же жокпу, кептин баары ошол нерседе. Азыр жаңы президенттин жасаган иштерин колдоп алсак болот.

Экинчиден, өлкөдөгү эң чоң маселе - Аскар Акаевдин мезгилинен бери келе жаткан чоң коррупциялык системдер. Алар "Кумтөр", энергетика, кен байлыктар тармактарында бар. Мындан улам миллиондогон долларлар сол чөнтөккө кетүүдө. Ушул коррупциялык систем токтолобу же токтолбойбу - чоң суроо. Эл учурда ушул суроолордун жообун күтүп жатат, көрөбүз кандай болот. Эл тазаланууга даяр, тазалануу бийликтин өзүнөн, кадамдарынан көз каранды", - деди Аманбаев.

АБДИРАСУЛОВА: "Коррупцияга каршы күрөшүүдө жазалар бирдей болбошу керек"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдиргендей, коррупцияга каршы күрөш мыйзам чегинде баарына бирдей жүргүзүлүшү керек. "Бирок жаза бирдей болбошу керек. Мисалы, мектептеги мугалим ата-энеден 400 сом пара алса, ошол эле убакта миллиондорду жеп кеткен жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарга жаза бирдей болбошу керек. Азыр коррупция деп эле 10 миң сом алган менен миллион сом алган адамдардын жазалары бирдей болуп калып жатат. Ошондуктан бирдей жаза болбошу керек.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугу президент Сооронбай Жээнбеков жана анын командасына жараша жүргүзүлөт. Президенттин командасында иштегендер мамлекет башчыны жаманатты кылбашы керек. Коррупцияны жок кылуу кыйын маселе болгондуктан үзгүлтүксүз күрөшүү зарыл", - дейт Абдирасулова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан