КҮНСОБОЛ: Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?

Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.

Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталы "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген собол салды.

АБДЫРАХМАН: "Коомчулук парламенттин туруктуу, калыс болуусун каалайт"

Журналист Шайырбек Абдырахмандын пикиринде, коомчулук Жогорку Кеңештин бекем болушун, элге тирөө болуп беришин күтөт.

"Акыркы убакта Жогорку Кеңеш активдеше баштады, коомчулук парламент ушул алган багытынан жазбаса экен, багытын бекемдесе экен деген үмүттө деген ойдомун. Жогорку Кеңеште тазалануу боюнча иштер жүрүп, депутаттар өздөрү активдүү катышууда, жаңы идеялар пайда болууда, бул жакшы жышаан. Коомчулук ар дайым Жогорку Кеңешти өзүнүн колдоочусу, ишенген туткасы катары көргүсү келет, ошол туткасы бекем болушун, туруктуу болуусун, калыс болуусун каалайт жана күтүп жатат.

Коомчулук башынан эле парламенттин ар бир жасаган ишине олуттуу мамиле жасап келген. Айрым учурларда үмүтү үзүлгөн, айрым учурда үмүт арткан, ишенген учуру болгон. Жогорку Кеңешти коомчулук ишенип, үмүт менен шайлаган соң, албетте, эл үчүн иштейт деген үмүт бар", - деди Абдырахман.

КАРАСАРТОВА: "Жаңы президент өз командасын топтогондон кийин парламент мурунку нугуна түшөт"

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикири боюнча, Жогорку Кеңештин акыркы убакта активдүү болуп жатканы убактылуу гана көрүнүш.

"Жогорку Кеңештен көп адамдар көп нерсени күтпөйт. Себеби бийлик парламенттин аброюн түшүрүүгө бүт күчүн жумшаган, бүгүнкү күндө парламентке келиш үчүн каражат керек, эл партияны шайлап коёт, партиянын тизмесин лидерлер өздөрү чечет. 5 лидер келсе 5, 6 лидер келсе 6 лидердин саясаты жүрүп калган.

Президент алмашып, бири кетип экинчиси келип, жаңы президент күчтөнө элек учурунда парламент маселелерди көтөрүп, "биз деле маселе көтөрүп айтсак болот турбайбы" деген нерсе боло берет. Жаңы президент өз командасын топтогондон кийин парламент өзүнүн мурунку пассивдүү нугуна түшөт.

Системдүү реформа болуп, бийлик тең салмакка келмейин, сот бийлиги өзүнүн, аткаруу бийлиги өзүнүн, мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнүн оюна бекем турмайынча өнүкпөйбүз. Учурда парламент акыркы чуулгандуу иштердин аягына чыгаруу боюнча маселени көтөрүп колго алыш керек жана системдүү реформаны, бийликтин тең салмактуулугу боюнча маселени да көтөрүшү керек", - деди Карасартова.

АСКАРБЕКОВ: "Чуулгандуу иштер аягына чыкпаса, элде чоң жарылуу болот, анткени эл жадап бүттү"

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Жогорку Кеңештин аягына чыгара турган иштери көп экенин, коомчулук ошол чуулгандуу иштер көтөрүлүп, айтылып эле калып калбай, аягына чыгышын күтүп жатканын билдирди.

"Жогорку Кеңештин өз милдетин толук аткарып жатканы эл арасында чынында ишенимди пайда кылып жатат. Коом депутаттардан эмнени күтүп жатат? Коом бүгүн чуулгандуу коррупциялык иштерди Жогорку Кеңештен көтөрүп эле койбой, пайдалуу чараларды көрүүсүн күтүп жатат. Коррупцияга аралашкан аткаминерлер статусуна карабай жоопко тартылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлүш керек.

Аскарбек Шадиевдин качуусуна тиешеси бар адамдар жооп бериш керек. Бүгүнкү ЖЭБ, Тарых музейи ишинен башка "Кумтөр" маселесине, Азиз Батукаевди чыгаруу маселесине тиешеси бар адамдардын иши да аягына чыгарылыш керек, күнөөлүүлөр камакка алынып, мүлкү мамлекетке алынышы керек. Мындан башка ГЭСтердин курулушу, Бишкектеги жолдордун курулушу, ат майдандын курулушуна Көчмөндөр оюнуна кеткен каражаттар жана эң башкы маселе болгон 40 адам каза болгон Дача-СУдагы учактын кулашы, аткезчилик менен келген жүк тууралуу маселелер Жогорку Кеңеште ачык талкууланып, тиешеси бар адамдардын бардыгы жоопко тартылыш керек. Мындан башка да маселелер өтө көп, парламент ошолордун бардыгын тыныгуусуз иштеп карашы керек.

Айбашовдун мүлкүн, үйүн баарыбыз көрдүк, ал камалды. Ал эми ошол эле берене менен иш козголгон Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун үйү, байлыгы эмнеге көрсөтүлбөйт, камалбайт, элде ушундай суроо пайда болууда.

Президенттин кызматка отурганына 6 ай болду, бул чечкиндүү кадамга барууга жете турган убакыт. Мисалы, Малайзиянын премьер-министри Мохамад Махатхир кызматка келген 5 күн ичинде мурунку премьер-министрди, ондогон аткаминерлерди камап, өлкөгө чоң көлөмдөгү каражаттарды кайтарды. Ал эми биздин президент келгенине 5 ай болгонуна карабай, чечкиндүү кадам жасай элек. Эл арасында "92 жаштагы Махатхир чечкиндүү күрөшүүдө, 60тан эми ашкан биздин президент чабал болууда" деген пикирлер айтылууда. Келе жаткан күзгө чейин дагы убакыт бар, ушул убакыт ичинде президент да өз чечкиндүүлүгүн көрсөтүп учурдагы чуулгандуу иштерди аягына чыгарбаса, элде чоң жарылуу болот, анткени эл жадап бүттү", - деди Аскарбеков.

КАДЫРБЕКОВ: "Парламент президентке көз каранды болбойт дегенден алысмын"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков коомчулук Жогорку Кеңеш өз милдеттерин так аткаруусун гана каалай турганын жана ошол эле мезгилде коом өзү да парламентке колдоо көрсөтүшү керектигин белгиледи.

"Чынында парламент акыркы 1-2 ай аралыгында активдүү иш алып барууда. Коомчулук парламенттен өзгөчө эч нерсе деле күткөн жок, өзүнүн функциясын так аткаруусун каалайт. Алардын милдеттери өкмөттүн ишин көзөмөлдөө, мыйзам кабыл алуу, мыйзамдарды өзгөртүү, коомдогу чоң көйгөйлөрдү, маселелерди талкуулоо жана бюджет салык маселелерин көзөмөлдөө жана аныктоо.

Парламент президентке көз каранды болбой өзүнүн ишин толук аткара алат дегенден алысмын, себеби парламентке келген депутаттардын жолун карап көрсөк, алар бизнесин коргош үчүн келген. Биз келечекте парламент көз карандысыз болуп, өз милдеттерин толук аткаруусун кааласак, шайлоо маселелерин аныкташыбыз керек. Байлар менен бизнесмендердин келип өзүнүн кызыкчылыгын коргоосуна жол бербей, элдин көйгөйүн көтөргөн чыныгы эл өкүлдөрүнүн келишин камсыздашыбыз керек.

Ошол эле учурда ушундай бийлик алмашуу учурунда коомчулук парламентке колдоо көрсөтүшү керек, себеби коомдун колдоосу менен гана парламентте өзүнүн көз карандысыздыгын сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар жана президенттин, өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөнгө аракет кылат. Андай кылбасак, Алмазбек Атамбаев сыяктуу эле Сооронбай Жээнбековдо деле бул парламентти "өз чөнтөгүнө салып алуу" жолдору бар. Биздин өлкөдө системдүү түрдө эч нерсе өзгөргөн жок, ошол себептен парламентке коомдун колдоосу күчтүү болуш керек", - дейт Кадырбеков.

ОШУРАХУНОВА: "Депутаттардын иши сапаттуу болгондо гана коом алдыга жылат"

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттары өз ишин сапаттуу алып барышы керек, депутаттардын иши сапаттуу болгондо гана коом алдыга жылат.

"Коомчулук Жогорку Кеңештеги талкууну угуп, көрүп жатат. Коррупциялык иштер көтөрүлүүдө, Жогорку Кеңеш өзүнүн көзөмөлдөөчү милдетин аягына чейин так, толук аткарышы керек. Экинчиден, сотторду, прокурорду чакырып суроо берген учурда айрым эле депутаттар жакшы түшүнүп, салмактуу суроолорду берип жатканы менен айрым депутаттар "Кудайдан коркосуңарбы, жакшы иштейсиңерби" деген гана суроо менен чектелүүдө, мындай нерсе жакшы тааасир этпейт.

Депутаттар ар бир маселеде өздөрү даярданып, талкууланган маселе тууралуу толук маалымат алып, сапаттуу суроолорду беришсе, жооп берген тарап дагы негизги маселеден алыстабай, маалыматты так жана кенен айтмак. Эл ишенип шайлагандан кийин депутаттар элдин оюндагы суроону берип, элдин көйгөйүн айтса туура болмок, эл ошол нерсени күтөт", - деди Ошурахунова.

АМАНБАЕВ: "Парламентте ар бир ишти аягына чыгаруу ар бир депутаттын деңгээлине жараша болот"

Мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин пикири боюнча, коомчулук Жогорку Кеңешке караганда, президенттен көп нерсени күтүп, үмүт артып жатат.

"Коомчулук Жогорку Кеңешке караганда жаңы шайланган президенттен көп нерсени күтүп жатат. Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укугуна ылайык нерселерди жасап берди. Мисалы, жаңы президенттин айтканын жасап Алмазбек Атамбаевдин тушундагы өкмөттү кетирди, бул маанилүү иш. Мурунку өкмөт иштей бергенде жаңы президенттин иштөөсүнө толук мүмкүнчүлүк болмок эмес. Сапар Исаковдун өкмөтүнүн кетиши менен Сооронбай Жээнбеков Атамбаев мурда кандай ыйгарым укукка ээ болсо, ошондой ыйгарым укукка ээ болду: өкмөттүн курамын өзү бекитти, күч структураларынын түзүмүн өзү шайлады. Эми кезек аткаруу бийлигине келди, өкмөт эмне иш кылат, кандай иштерди аткарат деген суроо коюлду.

Коомчулук президенттен коррупция менен күрөштү аягына чыгарабы, ошол нерсени күтүп жатат. Мындай учурда парламенттин ролу дээрлик аз, негизги рол аткаруу бийлиги менен президентте. Атамбаевдин тушунда Жогорку Кеңеш бийликтин тапшырмасын аткарып эле отурган, азыр салыштырмалуу түрдө эркин болууда, мындай пикир коомчулукта да айтылып жатат. Ушундай эркиндигин, ар бир чоң ишти аягына чейин көзөмөлдөөнү аягына чейин улантабы, ал ар бир депутатттын деңгээлине жараша болот. Парламенттеги депутаттардын арасында билимдүү, тажрыйбалуу эрки бар депутаттар бар, бирок айрым тагдыр чече турган негизги маселелерде үн катпай койгон учурлар да болууда", - деди Аманбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан