КҮНСОБОЛ: КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Президентке жакын, анын айтканынан чыкпаган адам премьер-министр болот"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков күчтүү адам премьер-министрликке коюлбайт деген пикирде.

“Менин оюмча, бул кызматка азыр кайсы бир фигураны айтуу кыйын. Бирок жалпысынан айтса болот. Мурдагыдай эле критерий менен президентке жакын, анын айтканынан чыкпаган, алар ишенген адам премьер-министр болот. Күчтүү адамды премьер-министрликке койбойт.
Азыркы системде премьер-министр болуп иштей турган адам жок. Премьер-министрди иштетпейт, анткени өкмөт башчы эч нерсе чечпейт. Бийликтин бардыгы президенттин, анын аппаратынын колунда. Ошондуктан өкмөткө ким барса дагы иштей албайт. Бул татыктуу, тиги татыктуу деп айткан туура эмес”, - дейт Жээнбеков.

СУЛТАН: "Жээнбеков элдин жашоосун жакшырткан күчтүү премьерге эмес, "хоп-ляппай" деген "кол бала" премьерге кызыкдар"

Мурдагы элчи Кылычбек Султан көпчүлүк коалицияны түзгөн 4 фракциянын лидерлери өкмөттү жетектөөгө моралдык жактан милдеттүү экенин айтат.

"Ким татыктуу деген суроого татыктуулар көп деп жооп бере алам. Мисалы, ошол эле Бабанов, Мадумаров жана башкалар. Бирок эл Жогорку Кеңешти эмнеге шайлаганын эстешибиз керек. Жогорку Кеңеш, андагы партиялар шайланганга чейин кандай гана убадаларды беришкен жок! Ошондуктан мен ким татыктууну эмес, ким милдеттүү экенин айтмакмын.

"Асмандагы айды алып берем" деп шайлоодо жеңип чыккан партиялардын лидерлери өкмөттү жетектеп, убадаларын аткарышы керек. Тагыраак айтканда, көпчүлүк коалицияны түзгөн 4 фракциянын лидерлери өкмөттү жетектөөгө моралдык жактан милдеттүү. Ошондо эң көп КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов премьер-министр болууга милдеттүү, ал эми "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов, "Республика-Ата Журттун" лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстандын" лидери Алмазбек Баатырбековдор вице-премьер-министрлик жүктү аркалашы керек.

Антпесе убада берген алар, парламентте кооз сүйлөп акыл үйрөткөн алар, анан эле оюнчук премьерди дайындап алышып өздөрү жоопкерчиликтен качып жүрүшөт. Ал эми реалдуулукка келсек, Сооронбай Жээнбеков мындай конфигурацияга жол бербейт. Анткени ал элдин жашоосун жакшырткан күчтүү премьерге эмес, "хоп-ляппай" деген "кол бала" премьерге кызыкдар", - дейт Кылычбек Султан.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Өкмөт башчылыкка кимиси келсе да эч нерсени өзгөртө албайт"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, бул парламент менен бир дагы өкмөт аягына чейин иштей албайт.

"Премьер-министрликке ким татыктуу экенин азыр айтуу кыйын. Бул парламент менен бир дагы өкмөт аягына чейин иштей албайт. Азыркы Конституция боюнча, өкмөт башчы "мальчик для битья" болуп аны тепкилей эле беришет. Абылгазиевди кетирип, андан кийин башкасын алып келет. Кимиси келсе дагы эч нерсени өзгөртө албайт", - дейт Чолпонбаев.

МОМБЕКОВ: "Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдиргендей, премьер-министрликке экономиканы кыйын билген киши керек.

"Тигил же бул адам татыктуу деп айта албайм. Эгерде кайсы бир адамдардын талапкерлиги каралса бул киши жарайт, тиги жарабайт деп айтмакмын. Депутаттардын, өкмөттүн, президенттик аппараттын, оппозициянын ичинен талапкерлерди караса болот.

Кызматы так, жүрөгү ак адам премьер-министр болсо өкмөттүн иши алга жылат. Ошондой эле өкмөт башчынын эрки бекем болушу кажет. Бул кызматка тартипти катуу кармай алган бош эмес, жоош эмес адам келүүсү шарт. Азыркы өкмөт башчы боштук, жооштук кылып жатат. Тартип болгон жерде ийгилик болот. Өкмөт башчы экономиканы кыйын билиши зарыл", - дейт Момбеков.

КАРАШЕВ: "Экономиканы көтөрүү боюнча идеясы бар адам өкмөт башчылыкка келсе жакшы болмок"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бул кызматка татыктуу кишилер көп экенин айтты.

"Премьер-министрликке тажрыйбасы бар, бардык тепкичтен өткөн кишилер келсе жакшы болот. Конкреттүү түрдө бул же тиги киши татыктуу деп айтсам туура эмес болуп калат го. Ким болсо дагы элдин жашоо деңгээлин жакшырткан, экономиканы көтөргөн, жаңы идея менен келсе жакшы болот эле. Инвестиция тартуу боюнча көрсөткүчтөр төмөнкү тепкичке түшүп жатат. Ошондуктан өкмөткө ыкчам иштей турган жетекчи келиши керек", - дейт Карашев.


МОЛДАЛИЕВ: "Өкмөт башчылыкка реалдуу программа сунуш кылган адам келиши керек"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев билдиргендей, премьер-министрликке инвестиция тартуу, экономиканы көтөрүү боюнча сунуш айткан кишилер керек.

"Ишти алдыга жылдырам деген жакшы, реалдуу программаны сунуш кылган киши бул кызматка келиши зарыл. Премьер-министрликке инвестиция тартуу, экономиканы көтөрүү боюнча сунуш айткан кишилер керек. Премьер-министрди тандоодо бизнесмендерди коюп көрүштү. Бирок алар деле эч нерсе жасай алган жок. Экономика эң кыйын абалда турганда Жантөрө Сатыбалдиев келген. Ошол киши кыйын менеджер экен, бюджетте акча тартыш болуп жатканда көтөрүп чыгып кеткен. Эң негизгиси өкмөт башчылыкка тажрыйбалуу киши келсе жакшы болмок", - дейт Молдалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан