КҮНСОБОЛ: Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?

Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда. SUPER.KG порталы "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деп собол салды.

БОКОЕВ: "Мэрди эл шайлаш керек. Программасы жок мэрлер келип жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев мэрлерди жана айыл башчыларын эл түз шайлашы керектигин айтты. "Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов эмгек өргүүдө жүргөндө 40 депутат бир заматта чогулуп, шаар башчысына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Көп маалымат каражаттарында бул саясий буюртма деп жазылды, анткени эл депутаттар өздөрүнүн демилгеси менен мэрди кызматтан кетирди дегенге ишенбей жатат. Эмнеге эмгек өргүү убагында кетиришет, мурда эмнеге алып салган жок? Эмне үчүн ЖЭБдин чатагы чыкканда ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган жок?

Эми депутаттар кимди мэр кылып шайлайт деген суроо бар. Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовду ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен колдоп, шайлап берген. Эми президент Сооронбай Жээнбековдун кишиси келеби деген суроо жаралат. Мына ушундай кырдаалдардан кутулуу үчүн биз түз шайлоону киргизишибиз керек. Анткени бир гана түз шайлоо болгондо күчтүү шайлоо болот. Каалаган жаран өзүнүн талапкерлигин койгонго мүмкүнчүлүк алат. Эл аны колдой турган болсо, бийликтин колдоосуна карабай өтө алат.

Мындан тышкары шайланган мэрдин мандаты күчтүү болот. Ал ошол эле 40-45 депутатка көз каранды болбой, ал элден көз каранды болот. Азыркы мэрлердин электораты жок, 40-45 депутат шайлап жатат. 23 депутаттын добушун алса, мэр болуп шайланат. 23 депутат бул шайлоочулар эмес да, Бишкек шаарында миллиондон ашык адам жашайт. Мүмкүн шаардыктар депутаттар шайлаган мэрди каалаган эмес. Кээ бир жерлерде талапкерлерди эл тааныбаган учурлар болгон. Элдин алдына программасы менен бир дагы мэр чыгып, кийин отчёт берген эмес. Программасы жок эле мэрлер келип жатат. 40 депутатты жайгарып коюшат, болду. Элге өзүнүн шаарына же айылына башчы шайлаганга мүмкүнчүлүк берилбей жатат", - деди Бокоев.

ВАСИЛЬЕВ: "Мэрди кеңеш шайлайбы же жарандарбы, принципиалдуу айырмасы жок"

Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Лев Васильев шаардык кеңеш мэрдин ишин көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин айтты.
"Мэрди шаардык кеңеш шайлайбы же жарандарбы, ар бир чечимдин эки жагы болот. Ошондуктан артыкчылыктар эки жакта тең бар. Конституциябызга ылайык, эл өзүнүн бийлигин кеңеш аркылуу көрсөтөт. Калаа башчысын ким шайлай турганынан принципиалдуу айырмасын көрбөй жатам. Мэрлик - бул чарбалык кызмат, аны ким шайлабасын, шаардык кеңеш анын ишин баары бир көзөмөлдөйт", - деди Васильев.

АМАТОВ: "Мэрди жарандар шайласа, депутаттардын кереги жок болуп калат"

Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Рысбай Аматов мэрди түз шайлоо Конституцияга каршы келерин айтты.

"Парламентаризмде жарандар эл өкүлдөрүн өздөрү шайлайт. Түз шайлоо боло турган болсо 45, 31 же 21 депутаттан турган шаардык кеңештин курамына тең келген мэрди шайлап алып, ал депутаттардын кереги жок болуп калат. Ошол эле бардык жалпы массалык 41 депутат алган добушту бир эле мэр алып, эл арасында тирешүү пайда болот. Мэр көзөмөлдөн чыгып эл алдында, депутаттардын алдында отчёт бербей, өзүнчө хан пайда болуп калат. Жоопкерчилик болсун деп мэрди депутаттар шайлашы керек. Мэр депутаттарга отчёт берип, алардын көзөмөлүндө туруусу зарыл. Эл өзүнүн өкүлүнө добуш берет. Депутаттар чогулуп элдин атынан мэрди шайлайт. Түз шайлоо боло турган болсо, кээ бир акчалуу саясий күчтөр өтүп кетиши мүмкүн. Ар кандай "Ислам мамлекети" сыяктуу коомдук бирикмелер өздөрүнүн кишилерин жөнөтүп, байкатпай бир шаарды алып коюшу мүмкүн", - дейт Аматов.

БЕКМАТОВ: "Шаар башчыларын түз шайлоо боюнча мыйзам кабыл алынса, ошого жараша иш алып барабыз"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамда кандай болсо, ошого жараша иш алып барарын белгиледи. "Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин эле эмес, бардык мэрлерди жана айыл башчыларын түз шайлаган мезгил да болгон. Мурда бардык мэрлерди, айыл башчыларын түз шайлаганбыз. Эл тарабынан шайланган дагы жолдон өткөнбүз. Түз шайлоо боюнча мыйзам кабыл алынса, биз ошого жараша иш кылабыз", - деди Бекматов.

МҮЗҮРАЛИЕВ: "Иштейм деген мэр кимдер тарабынан шайланса дагы жакшы иштейт"

Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев түз шайлоо болсо деле туура болот деген ойдо. "Мыйзамга өзгөртүү киргенде депутаттар шайласын деген норма кирип калган. Анткени депутаттарды эл шайлап жатат. Депутаттар шайласа да, эл шайласа да айырмасы жок. Иштейм деген таза мэр ким тарабынан шайланса деле иштейт. Эл "биз шайласак, биз түз мэрден сурай алабыз" деп айтып келет.

Бүгүнкү күндөгүдөй мэриянын эшиги жабык болсо, астында милициялар отурса, эл кантип сурайт? Мен өткөндө эшиктердин жабык турганы боюнча маселе көтөргөм. Элдин мэрге, вице-мэрлерге, жетекчилерге киргенге мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бул маселени аягына чейин чыгарам", - деди Мүзүралиев.

АБДРАХМАТОВА: "Мэрлерди шайлоодо ар кандай саясий оюндар болуп жатат"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова мэрлерди түз шайлоону бир жагынан колдой турганын айтты.

"Мэрлерди шайлоодо ар кандай саясий оюндар болуп жатат. Эл мэрди түздөн-түз өзү шайласа, элдин кызыкчылыгы үчүн иш кылат. Мэр, айыл башчылары аткаруучу бийлик болуп эсептелет. Аткаруу бийлиги менен депутаттар тыгыз иштеши керек. Экөө бир команда болуп иш алып барышы зарыл. Көпчүлүк коалицияга кирген партиялар эл алдында убада кылган программаны ишке ашырышы керек, ошол үчүн өзү түзгөн аткаруучу бийликтин үстүнө бул ишти жүктөш керек.

Мэрди сунуштаган коалиция анын аткарган ишине жоопкер болуусу шарт. Мэр иштей албаса, кеңештеги көпчүлүк коалициясы элдин алдында жооп бериши керек. Демек, алардын элге берген убадалары ишке ашкан жок. Элдин добушун аткарышкан жок. Сапаттуу кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек. Жеке маселелерге, саясий кызыкчылыктарга өтпөө зарыл", - деди Абдрахматова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан