КҮНСОБОЛ: Иштегенине 4 ай боло элек жатып 2 министр кызматтан бошотулду. Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?

Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. Алар башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулганы айтылат. Азырынча Абдылдаева менен Мукамбетов башка кызматка дайындала элек. SUPER.KG порталы "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген собол салды.

ОРОЗОВА: "Кадрлардын бат-бат алмашуусу иштин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратат"

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жаңы дайындалган кадр жаңыдан ошол кызматты өздөштүрүп баштаганда башка жакка которуп жиберүү болбой турганын айтты.

"Жаңыдан дайындалган кадр ошол кызматты эми өздөштүрүп баштаганда кетип кала берген болбойт. Ал адам эми тажрыйба топтоп жатканда кетире берген болбойт. Өлкөдө бат-баттан кадрдык өзгөрүү болгону чындыгында иштин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратат. Себепсиз эле кадрларды алмаштыра бербеш керек", - дейт Орозова.

БАЙБОЛОВ: "Кызматтан алынбай иштеш үчүн бийликтин партиясынан болушуң керек"

Саясий ишмер Кубатбек Байболов акыркы учурдагы кадрдык өзгөрүүлөр мамлекеттик түзүлүштүн начарлыгынан кабар бере турганын айтты.

"Бизде мамлекеттик кызматкерлер ар кандай себептерден улам кызматтан алынат. Биринчи кезекте географиясы, биографиясы туура келбегендер жана моюн толгогондор кызматтан бошотулат. Бул 30 жылдан бери келе жаткан жаман көрүнүш. Мындай нерселердин кайталана бериши мамлекеттик түзүлүштүн начарлыгынан, кесипкөйлүктүн төмөндүгүнөн кабар берет. Бул көйгөйдөн чыгууга узак убакыт талап кылынат. Адегенде бийликтин үч бутагын калыбына келтирүү зарыл. Өткөн чакырылышта жана азыркы парламентте отургандар топ-топ болуп алып бардык чарбалык иштерди чечип, кадрларды кызматка алып, кызматка бекитүүнү тескеп келишти. Бардык маселе мына ушул жараксыз тажрыйбадан келип чыгууда. Азыр мамлекеттик мекемени кызматтан түшпөй жетектеп туруу үчүн бийликтин партиясынан болушуң керек”, - деди Байболов.

САСЫКБАЕВА: "Мамлекеттик кызматты оюнчук кылып алышты"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева кадрларды алмаштыруудан майнап чыкпайт деген пикирде.

"Кадрларды алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөй келүүдө. Болгону элдин кыжырына тийип жатышат. "Жети жолу өлчөп бир жолу кес" деген макал бар. Аны эске албай жатышат. Башында атка кыйшык отурушат, ошондуктан жасаган иштеринен мамлекетке пайда болбойт. Мамлекеттик кызматты оюнчук кылып алышты. Мамлекеттик ой жүгүртүү жок, кыска мөөнөттүк кызыкчылыктар үстөмдүк кылууда. Акыркы жылдардагы шаар башчы кызматын карап көргүлө. Бул кызматка кимдерди гана алып келишкен жок. Соттолушту, кызматтан алынды, бирок сабак болгон жок. Бүгүн дагы шайлоо өткөрбөй бирөөсүн коюшту, анткени шайлоо альтернативаны талап кылат. Эл мыйзамдарды бузбагыла десе да өз билемдик кылып дайындашты. Кыскасы башаламан, мамлекет боло алабызбы деген коркунуч бар", - деди Сасыкбаева.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Бизде бийликтин партиясында болбосоң кызматтан алынасың же таптакыр барбайсың"

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев министрлердин 4 айга жетпей кызматтан кетишин президенттин кадр саясатын билбегендиги менен байланыштырды.

"Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбековдун чогуу иштеген, даярдаган кадрларынын жок болгондугу себептүү министрлер тез-тезден алмашып жатат. Экинчиден, анын кадр тандоо саясатын билбегендигинен кабар берет. Бардык маселе ушундан келип чыгууда. Керектүү, иш билген адамдарды кызматка алып келгендин ордуна мурункудан калган, татыксыз адамдарды кызматка дайындоодо. Бирөөнү кызматка алып келерде аны изилдеп чыгып, анан дайындоо керек. Ал үйрөнүп, өздөштүрүп кетет деп бара турган тармакты түшүнбөсө деле дайындап коюу туура эмес. Мындай нерсе эч качан натыйжасын бербейт. Мисалы, Суракматовду атаандашы жок мэрликке көрсөтүп, аны шаардык кеңеш шайлады. Бул карышкырга кой кайтартып койгондой болуп калды. Ошондой эле бизде бийликтин партиясында болбосоң кызматтан алынасың же кызматка таптакыр барбайсың. Муну мамлекетке жасалып жаткан зыян катары карашы керек", - деди Чолпонбаев.

КАПТАГАЕВ: "Атамбаевдин тушундагыдай кадр маселесинде "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" дегендей саясаттын белгилерин азырынча байкай алган жокмун"

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, учурда өлкөдөгү кадр саясаты 4 фракциядан турган коалиция менен президенттин колунда.

"Азыр өкмөт мүчөлөрү болобу же аткаруу бийлигинин башка түзүмдөрү болобу кадрлардын алмашып жатканына түшүнүү менен мамиле кылуу туура болот го деп ойлойм. Анткени өлкөдө бийлик алмашты, Атамбаевдин өзүм билемдик жеке бийлиги урап түштү. Азыр президент дагы, өкмөт башчы дагы жаңы. Алар өз моюнуна жүктөлгөн оор милдеттин, оор жүктүн салмагын сезе башташты. Эл алдындагы, мамлекет алдындагы аткара турган милдеттерин даана көрө башташты. Аларда жаңы ой, жаңы пикир, жаңы пландар жаралып жатат. Демек, кадрларга карата дагы, алардын дареметине дагы пикир өзгөрөт, бул да табигый эле нерсе. Юстиция министри болгон Айнур Абдылдаеваны дагы, аппарат башчысы болгон Мурат Мукамбетовду дагы жакшы билем, экөө тең билимдери терең, тажрыйбалуу кызматкерлер. Башка кандай тармакты тапшырса дагы камчы салдырбай иштеп кете алышат. Ошондуктан ал экөөнүн потенциалын өкмөт дагы пайдаланат деген ойдомун. Ал эми "кадр маселесин ким чечип жатат" деген суроого бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Анткени өлкөдөгү бийлик 4 саясий партиядан турган коалициянын колунда турат. Өкмөттүн курамын мына ошол 4 фракция аныктайт, алардын пикирлери эске алынат, ошону менен бирге президенттин да таасири сөзсүз болот. Кандайдыр бир деңгээлде анын көз карашы эске алынат. Бирок бир нерсени так айта алам, азырынча мурдагы президент Атамбаевдин тушундагыдай кадр маселесинде "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген саясаттын белгилерин байкай алган жокмун”, - деди Каптагаев.

КАЗАКБАЕВ: "Өкмөттө "бардак" болуп жатат"

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин айтымында, аз эле убакыт иштеген адамды башка кызматка которуу туура эмес.

"Мындай аз убакыттын ичинде кызматкер эч нерсе жасай албайт. Бир орундан экинчи жерге которуу туура эмес. Бир кызматта өзүнүн ишин көрсөтүүсү керек. Жаңыдан үйрөнүп жатканда башка жакка которуп салса натыйжа бербейт. Мунун баарын өкмөт карап чыгышы керек. Жок дегенде коюлган мөөнөттүн жарымын иштесе жакшы болмок. Өкмөттө "бардак" болуп жатат. Мындан улам коомдо нааразычылыктар болууда", - деди Казакбаев.

КАДЫРБЕКОВ: "Мукамбетов менен Абдылдаеванын иштен кеткенинен кандайдыр бир маани издөөнүн деле кереги жок"

Саясат таанучу Даниел Кадырбековдун пикиринде, бул кадрдык өзгөрүүлөр өтө деле маанилүү эмес.

"Мурат Мукамбетов менен Айнур Абдылдаеванын иштен кеткенинен кандайдыр бир маани издөөнүн деле кереги жок деп ойлойм. Себеби азыр Жогорку Кеңеште, президенттик аппаратта отургандар бийликти феодалдар катары эле бөлүштүрүп алган. Албетте, президент өзүнө ыңгайлуу кишилерди кызматка тартууга аракет кылат. Себеби юстиция министри болобу, аппарат жетекчиси болобу саясий жана административдик суроолордо чоң ролду ойнойт. Ошондой эле ар кандай мыйзамдарды кабыл алууда жана атайын саясатты жүргүзүүдө алардын орду чоң. Бийлик башындагылар азыр “бул кызмат сага, бул кызмат мага” деп эле кадр саясатын жүргүзүп келүүдө. Бизнесмендердин бизнесине эмес, мамлекеттин абалына карап иштерди жасай турган жаңы саясий топ бийлик башына келгенге чейин кадр саясаты ушундай өңүттө кете берет", - деди Кадырбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан